Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Германияда 4-майда дүйнөдөгү эң эски кинофестивалдардын бири болгон 71-Оберхаузен эл аралык кинофестивалы өттү. Анда кыргызстандык режиссёр Илгиз Шернияз Турсунбек уулунун «Жайлоого карай узак жол» кыска метраждуу даректүү тасмасы фестивалдын баш байгеси менен сыйланды.
Режиссердун маалыматы боюнча, фильм Түндүк Рейн-Вестфалия федералдык жергесинин Маданият жана илим министрлигинин экинчи даражадагы сыйлыгына да ээ болду.
Бул тасма 2025-жылдын 29-апрелинен 4-майына чейин Германияда өткөн фестивалдын негизги эл аралык конкурсунда көрсөтүлгөн. Быйыл фестивалга 6,6 миңден ашык өтүнмө түшүп, алардын ичинен 42 өлкөдөн 124 тасма 5 сынактык программага катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.
Тасманын көркөм жетекчиси — Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссёр жана педагог Артыкпай Сүйүндүков.
Фильмдин башкы каарманы — Азиз. Ал киреше табуу үчүн жыл сайын айылдаштарынын малын чогултуп, жайлоого чыгат. Жайлоого карай жол узак жана оор сыноолор менен коштолгон.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
