Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандык спортчу Ерлан Султангазиев байдарка жана каноэ боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.
Турнир ушул күндөрү Кытайдын Наньчан шаарында 19 өлкөнүн спортчуларынын катышуусунда өтүп жатат.
10-майда Ерлан Султангазиев 200 метр аралыкка байдарка менен жалгыз жарышка чыгып, финалга чыга алды. Чечүүчү жарышта кыргызстандык 37,05 секунд убакытта биринчи болуп келип алтын медаль утту.
Бул турнирде Кыргызстандан Рысбек Төлөмүшев жана Родион Туйгунов дагы катышууда. Турнир 12-майда аяктайт.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
