Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Кыргызстандын депутаттары Армениянын премьер-министри менен жолукту
Янгиликлар

Кыргызстандын депутаттары Армениянын премьер-министри менен жолукту

Май 27, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян менен жолукту.

Жолугушууда кыргыз-армян кызматташтыгынын учурдагы абалы талкууланып, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу тууралуу сөз болду.

Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Армения менен бардык багыттарда кызматташууга кызыкдар экендигин айтып: “Бири-биринен алыс жайгашкан эки мамлекетти тарыхый байланыштар жана интеграциялык бирикмелер жакындатып турат. Андыктан калыптанган алакаларды жигердүү улантып, ушундай жолугушууларды байма-бай уюштуруу менен кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга умтулушубуз керек”, – деди. 

Андан тышкары парламенттер аралык кызматташтыкты тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун деңгээлинде да тереңдетүү зарыл экенин билдирген Жогорку Кеңештин төрагасы Өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү маселесине да токтолду. 

Ошондой эле чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ичинен Армения менен болгон соода жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрү өтө төмөн экенин белгилеген төрага: “Эки тараптуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрүбүз чоң экенине карабай, аны толук пайдалана албай келебиз. Андыктан ЕАЭБге мүчө мамлекеттер катары, капиталдын жана ресурстардын эркин кыймылын камсыздаган бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүшүбүз зарыл”, – деп кошумчалады. 

Ал эми Никол Пашинян Нурланбек Тургунбек уулу менен жолугушуп жатканына кубанычта экенин билдирип: “Бул расмий сапар парламенттер аралык байланыштарды гана чыңдоого өбөлгө түзбөстөн, эки мамлекеттин мамилесин жаңы деңгээлге чыгарууга жардамчы болот деген үмүттөмүн”, – деди. 

Муну менен катар кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары тууралуу сөз кылган премьер-министр айыл чарба жана туризм тармактарында биргелешип иш алып баруу керектигине токтолду.

Тагыраагы өзү да бир нече жолу Кыргызстанда болгонун, өлкөбүздүн кооз табияты жана меймандос эли жакшы элес калтырганын айткан Никол Пашинян: “Мамлекетиңиздердеги акыркы реформалар, айрыкча коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан саясаттан кабарым бар. Биз аталган багыттарда тажрыйба алмашып, кызматташууга кызыкдарбыз”, – деди. 

Баарлашуу маалында Бишкек-Ереван аба каттамын ачуу демилгеси да көтөрүлүп, мындай кадам жарандар ортосундагы алаканы арттырууга жана эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн тыгыз иш алып баруусуна көмөкчү болору белгиленди. 

Жолугушууга катышкан “Ата Журт – Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков транспорттук-логистик маселелерди чечүү жаатындагы сунуштары менен бөлүшүп, аталган маселени Армениянын Улуттук жыйынындагы транспорт тармагын көзөмөлдөгөн комитеттин төрагасы менен да сүйлөшкөнүн маалымдады. 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleЖалал-Абад облусунда акыркы коңгуроо майрамы күнү мас абалдагы 20 айдоочу кармалды
Next Article Оштогу соодагерлер жаңы базарга көчүүгө каршы чыгышты

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.