Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандагы кайра жаралуучу ресурстар энергетикасынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу шамал жана күн электр станцияларынын ассоциациясынын төрайымы Кундус Кырбашева Кыргыз-Сауд ишкердик кеңешинин II жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлкө күн станцияларын жайгаштыруу үчүн даяр. Изилдөөлөр «USAID» жана Дүйнөлүк банк менен биргеликте жүргүзүлгөн.
«Кыргызстан жылына Күндөн орточо эсеп менен 4 млрд киловатт-саат энергия алат. Бул бир чарчы метрге 23 киловатт-саатты түзөт. Күндүн тике тийүүсүнүн орточо жылдык узактыгы 2100дөн 2900 саатка чейин, ал эми кээ бир отчеттордо 3000 саатка чейин жетет», – деп белгиледи Кырбашева.
Ошондой эле, анын маалыматы боюнча, горизонталдуу бетке түшкөн күн радиациясынын жылдык көлөмү чарчы метрине 1000ден 1700 кВт/саатка чейин жетет, мында нурлануунун 50%дан ашыгы түз нурлануу болуп саналат.
Ассоциациянын башчысы Кыргызстанда фотоэлектр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү жалпы жылдык маалыматтардын негизинде финансылык талдоо жүргүзүүгө жана бизнес-план түзүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.
«Бул Дүйнөлүк банктын расмий маалыматтары. Мындан тышкары, биз шамал ресурсун баалоо үчүн “Global Wind Atlas” маалыматтарын колдонобуз», – деп кошумчалады ал.
Кырбашева шамал энергетикасы тууралуу кеп улай Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, шамалдын олуттуу потенциалына ээ экенин билдирди. Бирок анын айтымында, кээ бир аймактарда улуттук электр тармагына кошулууда кыйынчылыктар бар. Мындан улам айрыкча тоо-кен өнөр жай аймактарында шамал станцияларын автономдуу пайдалануу долбоорлору каралууда.
«Бизде “Жеруй”, “Альянс Алтын” сыяктуу компаниялар бар, алар өздөрүнө автономдуу күн, шамал жана чакан ГЭСтерди кура башташты», – деди ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
