Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Кыргызстандын Кореядагы элчилиги 12-майда жаңы имаратка көчтү.

Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, элчилик эми:

  • Сеул, Чонно-гу, Чхонгун-дон, 53-57 (Чахамун-ро, 125-12)
  • Seoul, Jongno-gu, Cheongun-dong 53-57, (Jahamun-ro 125-12)
  • 서울 종로구 청운동 53-57 (자하문로 125-12) жаңы дарек боюнча иштейт.

Элчиликтин жаңы имараты Сеул шаарынын борбордук бөлүгүндө, метронун негизги линияларына жана автобус каттамдарына жакын жайгашкан.

Жарандар бардык суроолор боюнча +82 10 9527 9020 (өзгөчө кырдаалдарда +82 1097980951) телефон номурлары аркылуу байланыша алышат.

Буга чейин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев министрлик элчилик үчүн Сеулдан имарат сатып алып жатканын билдирген.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version