Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Борбордук Азия волейбол конфедерациясынын Улуттар лигасы мелдешине катышат.
Турнир 4-июнга чейин Ферганада (Өзбекстан) өтөт.
Медалдар үчүн 8 курама команда ат салышат: Иран, Пакистан, Индия, Шри-Ланка, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кыргызстан.
Кыргызстандын командасы Бишкек шаарында өтүп жаткан өлкө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча аныкталат.
Кыргызстандын курама командасы 2023-жылы Ысык-Көлдө өткөн Улуттар лигасында 2-орунду, ал эми 2024-жылы Пакистанда 3-орунду ээлеген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
