Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргыз Республикасынын күрөш боюнча (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү) өспүрүмдөр курама командаларынын мүчөлөрү (U-17) Түркияда өткөн “Victory Cup-2025” эл аралык мелдешине катышты.
Кыргызстандыктар 13 медаль (5 алтын, 3 күмүш, 5 коло) жеңишти.
Байге ээлери:
Эркин күрөш боюнча:
45 кг — Арнур Нурсаидов;
55 кг — Жакшылык Боробаев;
60 кг — Талгарбек Ашымов;
48 кг — Довудбек Баходиров;
60 кг — Улукман Жекшенкулов;
51 — Садыр Каипбеков.
Курама команданы улук машыктыруучу Улан Надырбек уулу жетектеди.
Грек-рим күрөшү:
60 кг — Элдар Мурзакулов;
45 кг — Нуркерим Кумарбеков;
51 кг — Абдулазиз Моминов;
48 кг — Байгелди Өмүрбеков.
Кураманы улук машыктыруучу Дастан Мухтаров жетектеди.
Кыздар күрөшү боюнча:
40 кг — Асема Асангариева;
69 кг — Аяна Асамаликова;
49 кг — Азема Калидинова.
Команданы улук машыктыруучу Нурсултан Аскарбеков жетектеди.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
