Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 18-майда Кыргызстанга Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Игорь Сергеенко баштаган парламенттик делегация келди.
Мейманды «Манас» эл аралык аба майданынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев тосуп алды.
Беларусь Республикасынын парламенттик делегациясы 19-майда Бишкек шаарында өтө турган ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин көчмө жыйынына катышат. Буга чейин Кыргызстанга Тажикстан, Россия жана Казакстандын делегациялары келген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					