Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кытай 2025-жылдын биринчи чейрегинде 403,7 миң электромобиль экспорттоду. Бул тууралуу Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын маалыматтарында айтылат.
Экспорт жылдык эсепте 4%га өстү. Электромобилдер 150дөн ашык өлкөгө жана аймакка жөнөтүлдү. Негизги багыттар Европа өлкөлөрү (Бельгия, Улуу Британия, Словения, Испания, Германия), Азия-Тынч океан аймагынын өлкөлөрү (Таиланд, Филиппин, Индонезия, Австралия, Малайзия), ошондой эле Индия, БАЭ, Мексика жана Бразилия сыяктуу мамлекеттер болду. Кыргызстанга Кытайдан 1,3 миң электромобиль жеткирилген.
Ошол эле учурда экспорттун нарктык көлөмү 19%га азайып, 6,5 млрд долларга чейин төмөндөдү. Бул электромобилдердин өткөн жылдын биринчи чейрегине караганда арзаныраак болгонун көрсөтөт. 2025-жылдын январь-мартында орточо баалар 15,5-16,5 миң долларды түзсө, бир жыл мурда 20 миң доллардан ашкан.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					