Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кытай Эл Республикасынын 39 жараны Бишкек шаарындагы курулушта мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталды, деп билдирди 16-майда УКМКнын басма сөз кызматы.
Комитеттин маалыматы боюнча, алар Кыргызстандын аймагына туристтик виза менен келип, мыйзамсыз эмгектенип жүрүшкөн. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 93-беренесине ылайык, курулуш компаниянын жетекчилигине айып салуу менен чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу жөнүндө протокол түзүлдү.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
