Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков («Ишеним») кечээ, 14-майда парламенттин отурумунда кызмат учурунда оор жаракат алган күч орган кызматкерлеринин пенсиясын жогорулатууну сунуштады.
«Мамлекеттин тынчтыгы, чек араны коргойбуз деп Баткендеги каргашалуу окуяда канчалаган аскер кызматкерлери жаракат алды, канчасы курман болду. Каза болгондорго тиешелүү наамдар ыйгарылды, бирок кызмат учурунда милдетин аткарып жатып денесине оор жаракат алгандар бар. Алардын пособиясы 20 миң сомдун эле тегерегинде экен. Ал азыр эч нерсеге жетпейт.
Жогоруда кесиптешим Самат Курманкулов боюнча айтып кетти. Анын дары-дармегине айына 100-150 миң сомдой кетет экен. Балдарына да жетпейт. Ушул маселени колго алалычы. Ушундай кызмат учурунда оор жаракат алган кызматкерлердин саны аз эле – жыйырмадай.
Кат алдым күч түзүмдөрүндө иштеген офицерлер, катардагы кызматкерлер бар экен. Алардын жакындары жер-жерлерден кайрылып жатышат. С.Нуркожоевич 1-июлдан тарта офицерлердин эмгек акысы 35%га жогорулайт деди. Күздөн баштап башка кызматкерлердикин карайбыз деди. Кызмат учурунда жаракат алгандарга өзгөчө көңүл буруп коёлучу. Кечээ эле Самат Курманкулов боюнча сүйлөштүм. Сүйлөгөн сөзү сөөктү сыздатат», – деди
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
