Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Чүй ОИИББ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Шаирбек Бопонов укук коргоо органдарынын катарынан биротоло бошотулду. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы 20-майда билдирди.

Министрлик тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында Ш.Бопонов:
– Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын талаптарын одоно түрдө бузганы;
– жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу мезгилинде өзүнүн түздөн-түз функционалдык милдеттерин аткарбаганы;
– эч себепсиз кызматка чыкпай койгону аныкталды.
Бопонов Шаирбек Исраилович Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына жетекчи болуп 2025-жылдын 2-майында дайындалган.
***
2020-жылдын 28-декабрында УКМКнын Коррупция менен каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган инспекторлору пара алып турган ишин ачыктаган. Бул окуя «Актилек унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунда болгон.
УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, инспекторлор документтерди текшерүү шылтоосу менен мамлекеттер аралык унаа жолдордо жүк ташыган айдоочулардан 500 сомдон тарта 5000 сомго чейин алып турушкан. Бул жерден күн сайын 100-200 автоунаа өтөт.
Бул факт боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иштердин алкагында 24-декабрь күнү 3 инспектор кармалган. Коррупциялык схемага катышкан деген шек менен Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын башчысы, милициянын полковниги Б.Ш.И. (Шаирбек Бопонов) да колго түшүрүлгөн.
Кийин Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеген Бопонов коюлган айыптар боюнча соттун чечими менен акталган. Ал эми 3 фигурант 260 миң сомдон айыпка жыгылган.
***
Кечээ, 19-майда ички иштер органдарынын жетекчилеринин кезексиз коллегиялык жыйыны өткөн.
Анда:
- Ички иштер органдарынын тергөө кызматтарынын жетекчилери ротацияланды;
- ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында жана анын бөлүктөрүндө жетекчилер алмашты.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					