Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө айкелдер, эстеликтер, техникалар сырдалып, жаныланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Айыл өкмөт башчы Алмазбек Амирбековдун айтымында, айыл өкмөттө Осмон Жакыпов, Мамасали Тешебаев деген эки согуш ардагерибиз бар.
«Эки ардагердин атын алып жүргөн эстелик толугу менен оңдолду. Техникалар да сырдалды. Айыл өкмөт боюнча 4 эстелигибиз бар эле, баары сырдалып, жаңыланды. Жергиликтүү бюджеттен 200 миң сом каражат сарпталды», – деди ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
