Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына караштуу Кулунду айылында кыргыз-тажик чек ара кагылышуусунда курман болгон Алишер Набиев атындагы көчөгө асфальт төшөлүүдө.
Аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Эмил Жороевдин айтымында, жалпысынан 1,8 чакырымга асфальт төшөлүп, курулуш иштерин «Ак-Тилек» ачык акционердик коому жүргүзүп жатат.
А.Набиев батыш көчөсүнө 4 млн 776 миң 080 сом өздүк салым, А.Набиев чыгыш көчөсүнө 3 млн дем берүүчү гранттан республикалык бюджет жана өздүк салым 1 млн 776 миң 080 сом каржыланган. Жалпы сумма 9 млн 552 миң 160 сомду түзгөн.
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Ак-Тилек» ачык акционердик коомунун жетекчиси — Исаев Жусупали Калматович. Компания 2001-жылы 18-мартта кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: шоссе жана автоунаа жолдорун куруу.
—————————————
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн Интернационал айылынын 22 жаштагы тургуну Алишер Набиев каза болгон. Аймактык кабарчы чек арачынын апасы Жылдызкан Мариповадан кабар алган.
«Алишер тун уулум. 4 бир туугандын улуусу эле. Бир туугандарына камкор бала болчу. Жаш кезинен эле «жоокер болом» деп, «военный» кийимдерди алдырып кийчү. Мектепти үлгүлүү окуп бүттү. Жогорку окуу жайды аяктап эле Кадамжайда аскердик кызматын 6 ай өтөп келди. Андан кийин 2021-жылдын март айында Лейлек райондук Кулунду айылындагы чек ара тозотунда келишимдик негизде ишке кирип иштеп жаткан.
Буга чейин да кыргыз-тажик чек арасындагы уруштарга катышып келген. Бирок бул жолкусунда жанындагы жоокерлерди куткарам деп өзү катуу жаракат алып, курман болду. Уулум тирүү болгондо ушул жылдын ноябрь айында үйлөнтмөкпүз.
Акыркы жолу телефон чалганымда «баары жакшы» деген эле. Биз качып бара жаткан болчубуз. 14-сентябрда эртең менен нөөмөт бүтүп, үйгө келген эле. Кайра эле чакыруу болуп, акыркы жолу ошол күнү үйдөн чыгып кеткен», – деген ал.
Алишердин аскерге кетип жатканда досторуна жиберген видеосу
—————————————
2023-жылы Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Кулунду айылындагы чоң көчөгө Алишер Набиевдин ысымы ыйгарылган.
Айыл өкмөт башчысы Өскөнбай Ташбалтаевдин айтымында, Алишер Набиевдин ысымы аталган айылдын мурдагы Ленин көчөсүнө берилген.
«Биздин Кулунду айылынан кыргыз-тажик кагылышуусунда эки жоокерибиз каза болду. Бири 22 жаштагы Алишер Набиев болсо, экинчиси 20 жаштагы Медетбек Абдумалик уулу. Баатырларбыздын ысымын көчөлөргө ыйгардык. Алишер Набиев атындагы көчөнүн ачылышын өткөрдүк. Медетбек Абдумалик уулунун ысымын 60 жылдык көчөсүнө ыйгарганбыз. Ал көчөнүн ачылышын дагы жакынкы убакытта өткөрөбүз. Биздин баатырлардын эмгеги келечек муунга үлгү болуп, жаштарыбызды патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө үндөп келет», – деген ал.
—————————————
Маалыматтар боюнча, чек арадагы куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 62 адамга жетти, алардын арасында жаш балдар да бар. Жабыркагандардын жалпы саны — 198 адам. Алардын көпчүлүгү Бишкек, Ош шаарындагы ооруканаларга жеткирилди.
- Каза болгон жарандардын алдын ала тизмеси бул шилтемеде.
14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптан ок атылып баштаган. 17-сентябрга чейин абал чыңалган деп бааланды. Тажик тарап чек ара тилкелеринде ок атышууларды токтотуу тууралуу макулдашууларга карабай, ок атууну токтоткон эмес.
Баткен облусунда 136 миң 770 адам үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга эвакуация болууга мажбур болушту.
Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап оор техникаларды — танк, «БТР», «БМП» жана минометторду колдонгонун билдирген.
«Кыргызстандын аймагына болгон куралдуу кол салууга сакалчан, кайсы бир аскердик бөлүккө таандык белгиси жок, кара түстөгү аскердик кийим кийген, сыртынан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөсүндөй (жалданма жан кечти) көрүнгөн эркек кишилер аралашты», – деп айтылган УКМКнын маалыматында.
Тажикстан Баткен облусуна гана эмес, Ош облусуна да кол салды. Абал 18-сентябрда гана турукташты. Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун инфратүзүмү талкаланды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды