Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айыл аймагындагы дыйкандар суу тартыштыгы күчөп жатканын айтышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, аймакта сугат каналынын сыйымдуулугу аз болгондуктан, эгин талааларга суу тартыштыгы күчөп жатат.
Өткөн жылы пияз өстүргөн дыйкандар баанын түшүп кеткендигине байланыштуу эгинди жыйнабастан эле айдап салышкан. Быйыл пияз талаасы 50 пайызга азайганы менен суу тартыштыгы күч.
Раззаков айылынын тургуну Айтбек Мурзамуратовдун айтымында, Раззаков айылы менен кошо 4 айыл бир каналдан суу колдонот.
«Кошумча Майты деген жер колдонуп баштады. Эң акыркы тилке, ал жакта айыл жок. Дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин эки айыл, бейшемби, жума күндөрү эки айыл суу ичет. Раззаков айылынын эли ушул күндөрү суу алабыз. Бул күндөрү Майтыга суу өткөрөбүз деп тартыш жаралат. Анан биздин айылдын кезеги өтүп кетет. Кезек өтүп кетсе бүттү, башка убакта суу ала албайбыз. Жылда эле ушу суу маселеси жаралат. Чечүү жолу бул каналды чоңойтуш керек. Жыл сайын эл көбөйүп жатат, суу тартыштыгы дагы көбөйөт. Каналдын сыйымдуулугу 2 куб суу», – дейт ал.
Айылда 10 гектар аянтта пияз талаасы бар. Бул айыл өкмөттөгү башка айылдарга салыштырмалуу эң аз. Жыл сайын Кулунду айыл аймагында 200 гектарга жакын аймакта пияз өстүрүлсө, быйыл 50 пайызга азайган. Аймакта пияз жыйноо 10-июндан кийин башталат.
Бул маалымат чыккандан кийин акимчиликтен 10-марттан баштап Лейлек районунун аймагында дыйкандарга берилген арыздардын негизинде сугат суу берилип жатканын кабарлашты.
Маалыматка караганда, Матай, Калта-Арык, Баймат жана Уста насостук бекеттеринде жалпы 4 агрегатты оңдоо иштери бүтүп, 10-марттан баштап фермерлерге суу бериле баштаган. Кулунду каналында март айынын акыркы декадасынан бүгүнкү күнгө чейин каналда күнүнө 2200 литр куб суу, дыйкандарга түзүлгөн графиктин негизиде жана берилген арызында негизинде берилип жатат. Түзүлгөн график жуманын 1-2-3, күндөрү Кулунду жана Интернационал айылдарынын дыйкандарына суу берилсе, ал эми 4-5-6-7-күндөрү Раззаков, Ак-Арык айылдарына жана Майты участкасына график менен сугат суу берилип келүүдө. Азыркы учурда Раззаков жана Ак-Арык айылдарына 2200 литр куб суу берилүүдө.
Ошондой эле Кулунду айыл аймагында чөптүн биринчи оруму орулуп бүтүп жана пияздин жыйымы башталган.
Ал эми мамлекет тарабынан Кулунду каналын башкы суу алуу курулмасы, сыйымдуулугу 12 кубдук каналы менен курулуп жатат жана Жаңы-Жер массивине суу жеткирүү үчүн дюкер-2 долбоору ишке ашырылып жатат. Андан ары Кулунду каналын кеңейтүү боюнча Министрлер кабинетине сунуштар берилген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
