Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Лейлек районунун Кең-Талаа айыл аймагына караштуу Мурас айылындагы мектепти 20 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Мамраим Бабыраимовго турак жай салып беришти.
Аймактык кабарчы билдиргендей, 67 жаштагы жергиликтүү тургун Мамраим Бабыраимов эки буту ооруп, баспай калган.
Аталган айылдын М.Баетов атындагы орто мектебинин быйылкы 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү салтанаттуу кечеге сарптала турган акчага үй салууну туура көрүшкөн. Ал эми классташ кыздары усталарга тамак-аш жасап берип, үй ичиндеги көрпө-төшөнчүсүн даярдап беришкен.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
