Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Өлкөдөгү кен иштеткен алдыңкы 17 ири алтын казуучу компаниянын арасында 6 компаниянын чет элдик үлүшү бар. «Tazabek» редакциясы ачык маалымат булактарынын негизинде Кыргызстандагы кен иштеткен ири компаниялар кимге таандык экенин жана алардын ээлери жөнүндө эмне белгилүү экенин аныктоо үчүн материал даярдады.
Кумтөр кени

Кумтөр — Борбор Азиядагы эң ири бийик тоолуу алтын кендеринин бири, Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда, Бишкектен 350 км алыстыкта Ысык-Көлдөн 60 км түштүктө, Кытай чек арасынан 60 км алыстыкта жайгашкан.
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун чет элдик катышуусу жок, акциялардын 100%ы мамлекеттик «Кыргызалтын» ААК ишканасына таандык.
2022-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын, «Кыргызалтын» ААКсынын жана «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ортосунда Глобалдык жөнгө салуу келишимине кол коюлган. 2022-жылдын 2-августунда көз карандысыз реестр ээси тарабынан «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» компанияларынын акцияларын «Кыргызалтын» ААКсына өткөрүп берүү катталган. 2022-жылдын 23-августунда Кумтөрдү мамлекетке өткөрүп берүү процедурасы аяктаган.
Идирисов Болотбек Имашевич «Кумтөр Голд Компани» ЖАК директорлор кеңешинин төрагасы кызматын ээлейт. Субанов Бузурман Кадырбекович — «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын президенти, башкармалыктын төрагасы.
Идирисов Болотбек Имашевич

Болотбек Идирисов «Кыргызгидрспецстройдо» Нарын ГЭС каскадынын курулушунда маркшейдер болуп иштеген, ал эми 1995-жылдан тарта «Кумтөрдө» ушул эле кызматты аркалаган.
Андан соң улук инженер, башкы инженер жана тоо-кен өндүрүш бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2012-жылы нормативдик базаны сактоо жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору болуп дайындалып, эки жыл иштеген. 2015-жылдан азыркы кызматка дайындалганга чейин тоо-кен өндүрүш бөлүмүнүн менеджери болуп иштеген.
Субанов Бузурман Кадырбекович

Бузурман Субанов эмгек жолун «Кыргызалтын» ААКсынын шахта башкармалыгынын Каракол шаарындагы филиалында электрослесарь болуп баштаган. Кийинчерээк көп жылдар бою, «Кумтор Голд Компани» компаниясынын президенти болуп шайланганга чейин, Бузурман Субанов тоо-кен тармагында ар кандай жетекчилик кызматтарда, анын ичинде Макмал кенинин жетекчиси, «Макмал алтын» комбинатынын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн жетекчиси, «Эти Бакыр Терексай» компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары, «Алтынкен» компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары, «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары сыяктуу кызматтарда иштеген.
Жерүй

Жерүй — Талас облусунун Талас районунда жайгашкан алтын-кварц формациясынын кени. Алтын тамырларда, тарамдарда жана метасоматикалык кварцташуу зоналарында топтолгон. Борбордук бөлүгү кварц-тамырлуу рудаларга бай. Жерүй кенин иштетүү укугу «Альянс Алтын» компаниясына таандык. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компаниянын жетекчиси Рахматов Сабир Нарынбекович. Компаниянын сайтында ал «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору катары көрсөтүлгөн.
«Альянс Алтын» ЖЧКсынын уюштуруучусу болуп «Восток-геодобыча» компаниясы саналат, ал Россиянын маалымат каражаттары боюнча «Русская платина» компаниялар тобуна кирет, анын тең ээси жана «Альянс Групптун» президенти Муса Бажаев болуп эсептелет.
Муса Бажаев

2021-жылы «Forbes» журналынын рейтингинде Муса Бажаев Россиянын эң бай бизнесмендеринин тизмесинде 156-орунду ээлеген. Анын байлыгы ошол кезде 750 млн долларга бааланган. Негизги активдери: «Русская платина» ишканалары (40%), «Альянс Алтын» (30%), «Kopy Goldfields» компаниясындагы үлүшү («Амур Золото»). 2022-жылы ишкер Европа Биримдигинин жана Улуу Британиянын санкцияларына кабылып, аларды сотто даттанууга аракет кылган, бирок ийгиликке жеткен эмес.
Рахматов Сабир Нарынбекович

«Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов «Альянс Алтынга» чейин «Италкир», «KPMG Bishkek» ЖЧКсы жана «MK Group» ЖЧКсында бухгалтер, аудитор жана консультант болуп иштеген.
- Сабир Рахматов «New Valley Resource» ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана жетекчиси, ошондой эле «ОНЭКС КЕЙДЖИ» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат. «ОНЭКС КЕЙДЖИ» ЖЧКсы – жүктөрдү кампага сактоо менен алектенген чет элдик компания. Компаниянын жетекчиси жана негиздөөчүлөрүнүн бири – Карымшаков Жаныбек Кеңешбекович. Жаныбек Карымшаков «PONY EXPRESS» компаниялар тобунун башкы директору жана «Pinta pub′дын» тең ээси.
- «New Valley Resource» ЖЧКсы – ачык булактардан маалымат табуу мүмкүн болгон жок.
Исаков Жеңишбек Исакович
2021-жылдан тарта Жеңишбек Исаков «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директорунун мамлекеттик органдар менен байланыш жана коопсуздук боюнча орун басары болуп саналат.

«Альянс Алтынга» чейин Аламүдүн РИИБде, УКМКда, Финансы полициясынын мамлекеттик кызматында, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунда, Бишкек шаарынын мэриясында иштеген жана Мамлекеттик бажы кызматынын биринчи төрагасынын орун басары болгон.
Төгөрөк, Чакуш, Чекчей, Миңтеке, Балажан кендери, Алтынтөр тилкеси, Солтон-Сары, Каракала-Терек
Солтон-Сары
// Turmush
«Кыргызалтын» ААКсы төмөнкү алтын кендерин иштетет:
Төгөрөк, Чакуш, Чекчей, Минтеке, Балажан кендери, Алтынтөр тилкеси, Солтон-Сары, Каракала-Терек аянты. «Кыргызалтын» компаниясынын сайтындагы маалыматка ылайык, акциялардын мамлекеттик пакети 100%ды түзөт. Башкармалыктын төрагасы Абдраимов Кубат Бейшенбекович.
Абдраимов Кубат Бейшенбекович

«Кыргызалтынга» чейин Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору жана Ош шаарынын прокурору болуп иштеген.
Карпаева Айша Садыбакасовна

«Кыргызалтын» ААКсынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Айша Карпаева. «Кыргызалтынга» келгенге чейин ал өкмөт аппаратында, Президенттин иш башкармалыгында иштеген жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басарына чейин жеткен.
Токтосунов Канимет Болотович

Башкармалык төрагасынын орун басары — Токтосунов Канимет Болотович Мамлекеттик салык кызматында иштеген, Финансы министрлигинде, Финполдо жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда бир катар кызматтарды ээлеген. 2024-жылдын апрель айында «Кыргызалтын» ААКсынын директорлор кеңешинин чечими менен «Кыргызалтын» ААКсынын башкармалык төрагасынын орун басары болуп дайындалган.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Токтосунов Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун «Ош аймактык башкармалыгы» мекемесинин жетекчиси болуп эсептелет.
Исаков Нурлан Мамбетказиевич

Башкарма төрагасынын орун басары — Исаков Нурлан Мамбетказиевич. Ал машинисттин жардамчысы болуп иштеген жана «Макмаалтын» комбинатынын ар кандай өндүрүштүк кызматтарында иштеп, комбинаттын директоруна чейин жеткен.
«Кыргызалтын» ААКсынын «Солтон-Сары» кенинин башкы инженери болгон. 2025-жылдын январь айында «Кыргызалтын» ААКсынын директорлор кеңешинин чечими менен башкарма төрагасынын орун басары болуп дайындалган.
Чыныбаев Болотбек Абдрасулович

«Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасынын коопсуздук боюнча орун басары, башкармалыктын мүчөсү — Чыныбаев Болотбек Абдрасулович айрым жергиликтүү маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, буга чейин «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» ААКтын башкы директору болуп иштеген.
2023-жылдын июль айында ал «Кыргызалтын» ААКтын башкармалыгынын мүчөсү болуп, кийинчерээк «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын коопсуздук боюнча төрагасынын орун басары болуп шайланган.
«Бозумчук» кени

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан «Бозумчук» кени жез-алтын кени болуп саналат. Өндүрүш 2014-жылдын экинчи кварталында башталган. Учурда кенде иштер жер астынан казып алуу ыкмасы менен жүргүзүлүүдө.
Кенди «КАЗ Минералз Бозымчак» ЖЧКсы иштеп чыгууда. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, компания чет элдик катышуусу бар юридикалык жак болуп саналат, анын жетекчиси Тулекеев Ильяс Валерьевич, ал эми жалгыз уюштуруучусу «Kitco B.V.» компаниясы.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин реестрине ылайык, «Kitco B.V.» компаниясы Нидерландыда, Амстердам шаарында катталган. «КАЗ Минералз Бозымчак» ЖЧКсы «KAZ Minerals» тобунун туунду компаниясы болуп саналат, анын курамына: Павлодар облусундагы Бозшакөл жана Чыгыш Казакстан облусундагы Актогай ачык типтеги кендери, Чыгыш Казакстандагы жер астындагы 3 кен жана Кыргызстандагы Бозумчук алтын-жез кени кирет.
Тулекеев Ильяс Валерьевич

Түлөкеев Ильяз Валерьевич 2011-жылдан бери «КАЗ Минералз Бозымчак» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштейт, ошондой эле Эл аралык ишкердик кеңешинин (МДС) башкармалыгынын мүчөсү.
Буга чейин Ильяз Түлөкеев «SPECIALTY CHEMICALS» ишканасындагы «Ардак» ААКсынын директору, «Vertex Gold Company» компаниясынын башкы менеджери, башкы директору, «Vertex Holding» ЖЧКсынын вице-президенти кызматтарын аркалаган.
2018-жылдын май айында компания 55,7 млн сом өлчөмүндө салык төлөөдөн качкан деп айыпталган. Кийинчерээк кылмыштын курамы жок болгондуктан иш жабылган.
Тереккан, Ашуу жана Терек кендери.
Тереккан, Ашуу жана Терек алтын жана сурьма кендери Жалал-Абад облусунда жайгашып, Терек-Сай кендер тобун түзөт.
Аларды иштетүү укугу «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсына таандык. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Альп Тогай чет элдик капиталдын катышуусундагы «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын жетекчиси болуп саналат. Уюштуруучулар болуп «Кыргызалтын» (25% үлүшү менен) жана түркиялык «Эти Бакыр» компаниясы (75%) эсептелет.
«Eti Bakir A.S.» компаниясы «Cengiz Holding» конгломератына кирген, ири түркиялык энергетика, тоо-кен өнөр жайы, курулуш, туризм жана башка көптөгөн тармактарда иштеген концерн – каржы-өнөр жай компаниялар тобу болуп саналат.
«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын сайтында Альп Тогай компаниянын башкы директору, Канымбетов Нурдин Кенжебекович башкы директордун биринчи орун басары, Ахмет Тунжел каржы жана административдик маселелер боюнча башкы директордун орун басары экени көрсөтүлгөн.
Канымбетов Нурдин Кенжебекович

Канымбетов Нурдин Кенжебекович, «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын башкы директорунун биринчи орун басары, УКМК жана ИИМ органдарында кызмат өтөгөн, андан соң «Кыргызалтын» ААКсынын коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси болуп, «Кыргызалтын» ААКсынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары кызматына чейин жеткен.
2020–2022-жылдары «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп, ошол эле учурда «Алтынкен» ЖЧКсынын башкы директорунун биринчи орун басары болгон. 2022-жылдын августунда Канымбетов «Эти Бакыр Терексай» компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары болуп дайындалган.
Жамгыр кени
Жамгыр алтын кен чыккан жери Жалал-Абад жана Талас облустарынын кесилишинде, Кара-Бура ашуусунун жанында, деңиз деңгээлинен 3500 м бийиктикте жайгашкан.
Кен ишканасы чакан кендердин категориясына кирет. Жамгыр кенин иштетүүгө лицензиянын ээси – «Вертекс Голд Компани» ЖЧКсына таандык. «Вертекс Голд Компани» ЖЧКсы чет элдик катышууга ээ. Жетекчиси Баялинов Абдыкубат Абдысапарович. Уюштуруучулар: Курканин Фёдор Фёдорович жана «VERTEX HOLDING» жоопкерчилиги чектелген шериктештиги.
«Forbes.kz» басылмасынын маалыматы боюнча, «VERTEX HOLDING» ЖЧКсы ири казакстандык бизнесмен Владимир Викторович Жуманбаевге таандык. Ал 2024-жылы УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топту каржылоо боюнча айып менен эл аралык издөөгө жарыяланган. Кийинчерээк УКМК «Vertex Gold Company» компаниясынын ээсине карата кылмыш ишин токтоткон.
Владимир Жуманбаев 2024-жылдын май айына карата Казакстандын эң бай 75 бизнесменинин катарына кирет жана «Forbes» рейтингинде 365 млн доллар байлыгы менен 25-орунду ээлейт.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча, Жамгыр тилкесин иштетүүгө «Глобал Жамгыр Майнинг» ЖЧКсы катышат. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Глобал Жамгыр Майнинг» компаниясынын жетекчиси Ермошкин Николай Николаевич, ал эми уюштуруучулары – Лондондо катталган «Global Asia Mining AG» жана «Global Asia Mining Limited» компаниялары.
«Глобал Жамгыр Майнинг» ЖЧКсынын башкы директору Межеловский Виктор Игоревич жана Ермошкин Денис Николаевич 2024-жылдын августунда кылмыш ишин токтотуу үчүн УКМКнын кызматкерине 50 миң доллар паранын бир бөлүгүн берип жаткан жеринен кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, Жаратылыш ресурстары министрлигинин айрым кызмат адамдары Е.Н.Н. жана М.В.И. менен сүйлөшүп алып, алтын, күмүш, жез, коргошун, цинкти геологиялык издөө иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны мыйзамсыз түрдө өзгөртүшкөн.
Ермошкин Денис Николаевич

2013-жылы Ермошкин «Вертекс Голд Компани» ЖЧКсынын жетекчиси болгон. Ал төмөнкү компанияларга тиешеси бар: «Талас Голд Майнинг Компани» ЖЧКсы, баалуу (асыл) металлдардын рудаларын казып алуу жана байытуу. Жетекчиси Ермошкин Денис Николаевич, уюштуруучусу «Норокс Майнинг Компани ЛТД» компаниясы, кайра каттоодон өткөн күнү 2017-жылдын 27-июну.
«VERTEX TRADE» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү кеңири ассортименттеги товарларды дүңүнөн сатуу. Жетекчиси — Ермошкин Денис Николаевич, уюштуруучулары: Мурзатов Баракай Нусуратович, Яровой Алексей Владимирович. Компания ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө каттоодон өткөн.
«Тринити» каржы компаниясы ЖЧКсы (“Лабеон финанс” мурдагы аталышы) Жетекчиси: Сулейманов Рустам Мухамедович, уюштуруучулары «Лабеон» юридикалык агенттиги уюштуруучулардын курамынан чыккан, Ермошкин Денис Николаевич.
«Глобал Азия Менеджмент» ЖЧКсы. Ишмердүүлүгү: Коммерциялык ишмердүүлүк жана башкаруу маселелери боюнча консультация берүү. Жетекчиси: Ермошкин Денис Николаевич, Уюштуруучулары «Global Asia Mining AG» (“Глобал Азия Майнинг АГ”) компаниясы, «GLOBAL ASIA MINING LIMITED» ЖАК (“Глобал Азия Майнинг Лимитед”).
Межеловский Виктор Игоревич
Виктор Межеловский
// Фото из архива
Виктор Межеловский 2016-жылдан бери Талас облусунун Бакай-Ата районунда Ширалжын алтын кенин иштетип жаткан «Global Shiraljin Mining» компаниясынын башкы директору болуп саналат.
Кен аянтында 1978-1987-жылдары жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында аныкталган 4 рудалык запас бар. Эң маанилүү жана рудага бай болгон «Стержневое» рудалык жери эң кылдат изилденген. Бул «Global Asia Mining» тобунун туунду компаниясы. Башкаруучу компаниялары Швейцарияда жана Улуу Британияда жайгашкан.
Юстиция министрлигинин 2024-жылдын августуна карата маалыматы боюнча, Межеловский Виктор Игоревич төмөнкүлөрдүн уюштуруучусу:
- «Грин Энерджи Плюс» ЖЧКсы, гидроэлектростанциялар аркылуу электр энергиясын өндүрүү, каттоосу 2021-жылдын 30-ноябры.
- «Вера, Надежда, Любовь» КБФ коомдук кайрымдуулук фонду, каттоосу 2023-жылдын 13-апрели.
Межеловский Виктор Игоревич төмөнкүлөрдүн жетекчиси:
- «Ала-Тоо» Долбоорлоо-изилдөө борбору» ЖЧКсы
- «Глобал Ширальджин Майнинг» ЖЧКсы
- «Инвест Крафт Ресурс» ЖЧКсы
- «Грин Энерджи Плюс» ЖЧКсы.
Талдыбулак кени

Кемин районунун Чүй облусундагы «Талдыбулак сол жээк» кени 1963-жылы ачылган. 1977-жылдан баштап системалуу геологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, 1983-жылдан кийин бир нече жолу издөө жана баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кендин запастарын акыркы кайра баалоонун жыйынтыгында алтындын запасы 77,6844 тонна, руданын көлөмү 13 340 миң тонна деп табылган.
Кенди иштетүү укугу «Алтынкен» ЖЧКсына таандык.
«Алтынкен» компаниясы чет элдик инвестициясы бар ишкана болуп саналат. Компаниянын жетекчиси Се Мэйюэ. Уюштуруучулары эки компания: «Алтынкен» компаниясында 40% үлүшкө ээ болгон «Кыргызалтын» ААКсы жана 60% үлүшкө ээ болгон кытайлык «Superb Pacific Limited» компаниясы.
Кытайлык «Superb Pacific Limited» компаниясы Кытай Эл Республикасындагы эң ири жер казынасын иштеп чыгуучу «Zijin Mining Group Company Limited» (“Цзыцзинь Майнинг Груп”) компаниясынын туунду компаниясы болуп саналат. Компания КЭРдин 15 провинциясында жана Тажикстан, Моңголия, Кыргызстан сыяктуу 15ке жакын өлкөдө, ошондой эле Азия, Европа, Африка жана Түштүк Америка өлкөлөрүндө жер казынасын иштеп чыгуу менен алектенет.
«Кыргызалтын» ААК – Кыргызстандагы алтын кендерин өздөштүрүүгө адистешкен эң ири ата мекендик мамлекеттик ишкана. Акциялардын 100% пакети мамлекетке таандык.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
