Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Баткен шаарынын тургуну Ашим Мамажакып уулу өзү жашаган үйүнүн жанына чакан чатыр тигип, мал-жандыктарга медициналык жардам көрсөтүп келет. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маек курду.
Ашим Мамажакып уулу кесиби боюнча мал доктур. 2017-жылдан бери өзү өскөн аймакта эмгектенип келет.
«Мен кесибим боюнча мал доктурмун. 2015-жылы Бишкектеги Кыргыз улуттук агрардык университетин аяктагам. Андан кийин Россияда улуттук агрардык академиясында практика өтөп, ошол жакта эмгектендим. 2017-жылы Баткенге кайра келип, иштей баштадым. Жаш кезимден эле мал-жандыкка жакынмын. Малдарыбызды өзүм эле дарылап жүрчүмүн. Башында үй шартында эле карап жүрдүм. Азыр өз колум менен шарт түзүп, ооруган малдарды карап дарылап келем. Мурда буту сынган улак, эчки, майда жана бодо малдар келсе, азыр үй жаныбарлары — мышык, иттер көп келе баштады. Анан дагы породалуу, асыл тукум мал көп келет. Жумасына аз дегенде 15 операция жасайм. Мурда бизде жолбун иттер көп болчу. Азыр атуулар күчөп, азайып калды. Биздин азыр басып жаткан тепкичтерди башка өлкөлөр, өнүккөн Европа мурда эле басып өткөн. Бул заман талабы да.
Буга чейин эшигимдин астына 2,3 ооруган ит келип, кетпей койгон учур болгон. Аларды дарылап кетиргем. Кетпей койгондору да болот. Азыр карап жаткан ит дагы бизге көнүп калды, 1 жума болду келгенине. Анын бутунун эки жеринен түздөйбүз. Анан ээси алып кетет», – дейт Ашым Мамажакып уулу.
Мамажакып уулу бул кесиптен сырткары ишкердик менен да алектенет. Үйүндө кондитердик цех ачып, ундан нан азыктарын жасап, шаардагы дүкөндөргө базарга алып чыгып киреше тапчу. Азыр ал ишкердикти кеңейтип, шаардын борборуна чакан кофейня ачкан.
«Мен 2018-жылы бир коомго ыктыярчы болуп киргем. Ошол жылдан бери, облустагы кайсы аймакта кандай өзгөчө кырдаал болсо ошол жердеги элге жардам берүүгө даяр турабыз. Мисалы биз COVID-19 учурунда көп жардам кылдык. Ошол убакта нан жасап, элге аскерлерге таркатып, камсыздап турганбыз. Чек арадагы чыр-чатак учурунда дагы ушундай милдетти аткардык. Бекер иштеп жаттык. Бизде «Бекер жатканча бекер иште» деген кеп бар. Ошондой болду. Ыктыярдуулук көп ийгиликтериме жол ачты. Ушул бышырууну ошол жерден үйрөндүм. Андан кийин келинчегим долбоор жазып, керектүү каражаттарды алып, үйдө эле кондитердик цех ачтык. Анд ундан нан азыктарын жасап, базарларга алып чыгып, сатып жүрдүк. Азыр эми шаар борборуна чакан кофейня ачтык.
Ыктыярчылыктын аркасы менен Стамбулдан кубок камсыз кылып келдим. Бул кубок дагы дем-күч берип, мурдагы “сыртка чыгып, иштеп келсек” деген оюмдан кайттым. Анткени Түркияны көрүп келип, «биз да өз жерибизде, элге кызмат кылып, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошолу» деген ой пайда болду.
Алдыда 2026-жылы Баткен шаарына ветеринардык клиника ачалы деп жатабыз. Шаар бийлиги жер берип жатат. Жарым-жартылай шаймандар бар. Дагы кошумчалап, бардык шарттар менен ачабыз буюрса», – дейт Ашим Мамажакып уулу.
Ашим Мамажакып уулу учурда 34жашта, 2 баланын атасы.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
