Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Бейбаштык жасоого шектелген жарандар кармалды, деп маалымдады Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 16-майга караган түнү саат 01:20ларда милицияга Орто-Токой көчөсүнүн жашоочуларынан унаа токтотуучу жайда белгисиз жарандар коомдук тартипти бузуп, уйку бербей жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Чакыруу болгон жерге барган милиция кызматкерлери аталган жерден 3 мас адамды аныкташкан. Алар укук коргоо органдарынын талаптарын аткарбай, аларга кол көтөрүүгө чейин барып, алардын кызматтык кийиминдеги погонун жыртып, качышкан.
Аталган факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 4-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү менен бейбаштык жасоо) менен каттоого алынып, шектүүлөр: 1998-жылы туулган Ж.Ж., 1999-жылы туулган К.Э. жана 200-жылы туулган Д.Т. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө уланууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					