Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Чүй облусунун Жайыл районундагы тоодон мергенчилер 1957-жылдагы билдирүүнү таап алышкан. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, мергенчилер ширеңке, кат, папирос табышкан.
«Жайыл районундагы капчыгайлардын биринде, мурунку аңчылык кылган жердин чатырынын астынан “Север” папиросун, 1957-жылы чыгарылган ширеңкени жана кат таап алдык.
Ал эми катты аялы күйөөсүнө жазыптыр: “Ун, шекер жана башкаларды сатып ал”, – деп. Кыязы, мергенчи же чабан тоого керектүү нерселерин алып келип, катып койсо керек. Ошентип дээрлик 70 жылга унутуп койгон. Эң кызыгы азыркы мезгил менен мурунку мезгилдин эч өзгөрбөгөнүндө. Мурда аялдары кагазга кат жазышчу, азыр мессенджерге жазып жиберишет», – дешти мергенчилер.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
 
									 
					