Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Билим АКИpress – Билим берүү жана илим министринин орун басары Альберт Махметкулов 9-майда Индия жана Пакистандан келген студенттер жашаган бир нече жогорку окуу жайлардын жатаканаларына барды.
Министрликтин маалыматы боюнча, сапар аталган өлкөлөрдөн келген чет элдик студенттердин ортосундагы чыр-чатактардын жана провокациялардын алдын алуу жана болтурбоо максатында ишке ашырылды.
Министрдин орун басары студенттерге алардын негизги максаты билим алуу экенин эскертип, мекендеги саясий окуялар чыр-чатактарга себеп болбошу керектигин баса белгиледи. Махметкулов ошондой эле студенттерди саясий талкууларга катышуудан алыс болууга чакырды.
Жатаканалардын жетекчилигине Индия жана Пакистандан келген студенттердин ортосундагы абалды жөнгө салуу, түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүү тапшырылды. Мындан тышкары, кырдаалды көзөмөлдөп, келип чыккан окуяларга ыкчам чара көрүү боюнча жумушчу топ түзүү сунушталды.
Индия менен Пакистандын чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги укук коргоо органдары менен биргеликте чет элдик студенттердин ортосундагы ыктымалдуу инциденттердин алдын алуу боюнча чараларды көрүүдө.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
