Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги «Маданият үйлөрүнүн жана айылдык китепканалардын ишмердигин реформалоо жана өркүндөтүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга койду.
Долбоор натыйжасыз жана иш жүргүзбөгөн айылдык китепканаларды жоюу максатында, китепканалардын, маданият үйлөрүнүн ишмердигин реформалоо жана өркүндөтүү зарылдыгына байланыштуу иштелип чыкты.
Министрлик учурда өлкөдөгү китепканалардын жалпы саны – 1050 экенин, анын ичинен: облустук китепканалар – 9, райондук китепканалардын саны: бардыгы райондук китепканалар – 64, алардын ичинен: айыл жериндеги райондук китепканалар – 52, шаарлардагы райондук китепканалар – 19, айылдык китепканалар – филиалдар – 859, шаардык китепканалар – филиалдар – 116 экенин маалымдайт.
«Учурда 859 айылдык китепкананын ичинен 51 авариялык абалда, анын ичинен 214 китепкана капиталдык салымдарды талап кылууда. Тилекке каршы, иштеп жаткан китепканалар да окурмандардын аздыгынан жапа чегишет. Зыяратчылардын жана жазылуулардын саны жөнүндө маалыматтар көбүнчө туура эмес жана бурмалап берилет, бул китепканалардын ишмердүүлүгү жөнүндө нааразылык иллюзияларын түзүүгө алып келет. Бул иш жүзүндө жергиликтүү калктын керектөөлөрүн канааттандырбаган кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талап жөнүндө жаңылыш түшүнүктөрдү жаратат», – деп баяндалат долбоордун негиздеме кат бөлүгүндө.
Министрлик айылдагы китепканалар олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп жатканын белгилеп, жоюла турган китепканалардын китеп фонду мектеп китепканаларына өткөрүлүп берилерин, ал эми штаттык саны жергиликтүү билим берүү мекемелеринин карамагына өткөрүлөрүн маалымдады.
«Өлкө боюнча жалпы 40 райондук жана 20 шаардык маданият сарайы/маданият үйлөрүнүн ичинен 17 капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж жана 4 авариялык абалда, 11 мекеменин өзүнүн имараты жок. Техникалык персоналды кошпогондо ар бир мекемеде 12ден 15ке чейин кызматкер эмгектенип, директор 21 000 сомдон, негизги персонал 15 000 сомдон жогору айлык акы алышат. Жалпы 650 айылдык маданият үйлөрү/клубдардын ичинен 199 капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж жана 61 авариялык абалда. Техникалык персоналды кошпогондо ар бир мекемеде 1 же 2 кызматкер эмгектенип, айлык акысы 14-15000 сомдун тегерегин түзөт.
Бирок жалпысынан республика боюнча канааттандырарлык эмес абалда турган маданият үйлөрү/клубдар 50%дан ашат деп болжолдоого болот. Анткени маданият үйлөрүнүн сүрөттөрүн жана кыскача аннотацияларын алгандан кийин, имараттардын абалы боюнча тиешелүү органдардын расмий корутундусу жок болсо да, алардын көбү канааттандырарлык эмес абалда экени аныкталган.
Мындан тышкары, көптөгөн мекемелерде керектүү материалдык-техникалык база жок, бул маданий иш-чараларды өткөрүүгө жана программаларды ишке ашырууга олуттуу тоскоолдук кылат. Ал эми айылдык клубдарда музыкалык аспаптар, сахна кийимдери, өз алдынча көркөм чыгармачылыктын катышуучулары үчүн костюмдар жокко эсе. Маданият үйлөрүнүн негизги ишмердүүлүгү — жергиликтүү деңгээлде маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле калк үчүн акысыз чыгармачыл ийримдерди ачуу болуп саналат», – деп айтылат документте.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, токтомдун долбоору менен типтүү көп функционалдуу маданий борбордун концепциясынын долбоорун жана көп функционалдуу маданий борбордун типтүү эскизин сметалык-эсептик документтери менен бирге иштеп чыгып, Минкабдын кароосуна киргизүү сунушталууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
