Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Министрликтин Россияда «кара» тизмеге кирген кыргызстандыктарга карата билдирүүсү
Янгиликлар

Министрликтин Россияда «кара» тизмеге кирген кыргызстандыктарга карата билдирүүсү

Май 10, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Россиянын аймагында жүрүп, ар кандай себептерден улам миграциялык мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге (кара тизмеге) түшүп калган Кыргызстандын жарандары үчүн 2025-жылдын сентябрына чейин өзүнүн укуктук абалын жакшыртып алууга жана тизмеден чыгууга мүмкүнчүлүк берилди. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, бул президент Садыр Жапаровдун Россиянын президенти Владимир Путинге мигранттардын документтерин легалдаштыруу мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен расмий кат аркылуу кайрылуусунун натыйжасында мүмкүн болгон. Бул мөөнөт акыркы мүмкүнчүлүк болуп саналары жана узартылбай турганы кабарланды.

«Учурда 70 миңге жакын мекендешибиз кара тизмеде, бирок ушул күнгө чейин болгону 3 миңге жакын адам гана реестрден чыккан.

Урматтуу жарандар, убакытты текке кетирбей, аймактык миграция бөлүмдөрүнө же Кыргызстандын Россиядагы элчилигине жана консулдук мекемелерине кайрылып, керектүү маалыматтарды тактап, укуктук абалды мыйзамдаштыруу жол-жоболорун баштаңыздар.

“Сентябрга чейин убакыт бар да” деп жүрө бербөөгө чакырабыз. Анткени ага жакын калганда полиция бөлүмдөрүндө, миграция кызматтарында, элчилик жана консулдуктарда кезек көп болуп, анан үлгүрбөй калышыңыздар мүмкүн. 1-сентябрга чейин жогоруда белгиленген реестрден чыкпасаңыздар, депортация болосуздар», – деп айтылат билдирүүдө.

Көзөмөлдөөчү реестрден чыгуу үчүн төмөнкү аракеттер талап кылынат:

– Аймактык миграциялык бөлүмгө кайрылып, көзөмөлдөөчү реестрге киргизилип калуунун себебин тактоо. Эгерде жаран дактилоскопия (манжа издерин тапшыруу), медициналык кароо сыяктуу процедуралардан өтө элек болсо:

-Москва шаарында жашагандар Сахарово миграциялык борборуна;

-Аймактарда жашагандар РФ ИИМдин тиешелүү миграциялык бөлүмдөрүнө кайрылышы керек;

– ⁠Эмгек келишимин түзүү – негизги талап. Кыргыз Республикасы ЕАЭБге мүчө мамлекет болгондуктан, бул негизги шарт болуп саналат. Эмгек келишимдин негизинде:

-Миграциялык картанын жана каттоонун мөөнөтү узартылат;

-Жашаган дареги боюнча каттоо жүргүзүлөт;

– Документтерде кемчилик болсо (мисалы, каттоонун же келишимдин мөөнөтү өтүп кеткен болсо) – административдик жоопкерчиликке тартылып, 5000–7000 рубль өлчөмүндө айып пул салынат. Айып төлөнгөн соң, документтер мыйзамдаштырылат.

Бул процедураларды үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин бүтүрүү керек.

Ошондой эле Россия тарап ички иштер бөлүмдөрүнүн иштөө убактысын дагы эки саатка узартты. Министрлик бул кошумча мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырат.

«Урматтуу мекендештер!

“Дагы узартат” деген үмүт менен бул маселеге кайдыгер карабагыла. Мөөнөт бүткөндө “өкмөт жардам берген жок”, “президент сүйлөшкөн жок” деген дооматтар негизсиз болот. КР Тышкы иштер министрлиги ар дайым жарандардын укуктарын коргоого жана мекендештерибизге мыйзам чегинде көмөк көрсөтүүгө даяр. Ошону менен бирге, мыйзамдашуу аракетин өз убагында көрүү ар бир жарандын жеке жоопкерчилиги экенин эскертебиз», – деп кошумчаланат билдирүүдө.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleБазар-Коргондо Улуу Жеңиштин 80 жылдык урматына 80 дарак отургузулду
Next Article Бишкектеги №33 мектепке Казакстан президентинин атасы Кемел Токаевдин ысымы ыйгарылды — Билим АКИpress

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.