Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Минкаб коммерциялык банкттардын бирине 4 млрд сомдук баалуу кагаз берүүнү тапшырды
Янгиликлар

Минкаб коммерциялык банкттардын бирине 4 млрд сомдук баалуу кагаз берүүнү тапшырды

Май 27, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Министрлер кабинети Финансы министрлигине 4 млрд сомго мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарууну тапшырды. Аларды Кыргызстандын коммерциялык банктарынын бири уставдык капиталды көбөйтүү үчүн сатып алат.

Мында мамлекеттик карыз алуулар республиканын ички мамлекеттик карызынын курамына киргизилет. Министрлер кабинетинин 20-майдагы тескемесинде айтылгандай, бул чара баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү, 2025-жылга республикалык бюджеттин ресурс бөлүгүн көбөйтүү жана финансылык туруктуулукту жогорулатуу, мамлекеттик банктардын ишмердүүлүгүнүн масштабын кеңейтүү максатында кабыл алынды.

Финансы министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:

1) Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча «Капитал Банк» ААКтын уставдык капиталын көбөйтүү үчүн 4 млрд сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын издеп табуу жана бөлүп берүү.

2) Төмөнкү параметрлер боюнча мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу жолу менен 4 млрд сомго чейинки өлчөмдөгү финансылык каражаттардын түшүүсүн камсыз кылуу:

  • түрү – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык облигациялары;
  • валютасы – кыргыз сому;
  • бир мамлекеттик казыналык облигациянын номиналдык наркы – 100 сом;
  • чыгарылыштын көлөмү – 4 трлн сом;
  • жүгүртүү мөөнөтү – 15 жыл;
  • купондук ставкасы – 0 пайыз;
  • негизги сумманы төлөө – жүгүртүү мөөнөтүнүн аягында бир жолку төлөм;

Мамлекеттик карызды эсепке алууда Финансы министрлиги мамлекеттик карыз алууларды республиканын ички мамлекеттик карызынын курамына киргизүүгө милдеттенет.

«Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдарга карата пландык мезгилге республикалык бюджети жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун даярдоодо ведомство тиешелүү өзгөртүүлөрдү кароого тийиш болот.

«Капитал Банкка» 4 млрд сомго мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу сунушталды.

Тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө Президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгына жүктөлдү.

Тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleТаласта коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында 20 пост коюлду
Next Article Видео — Таласта унаа башкарган окуучулар колго түштү

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.