Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Минкаб төрагасы Кара-Суу районунда бир катар объекттердин курулушуна мезгил кутусун салды
Янгиликлар

Минкаб төрагасы Кара-Суу районунда бир катар объекттердин курулушуна мезгил кутусун салды

Май 23, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кара-Суу районунда бир катар энергетикалык объекттердин курулушун баштоого мезгил кутучасын салды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдагандай, алгач ал Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагында жалпы кубаттуулугу 9 мВт болгон Куршаб-1, Куршаб-2, Куршаб-3, Куршаб-4 чакан гидроэлектростанцияларынын жана электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү көмөк чордонунун (подстанция), мындан тышкары заманбап бетон чыгаруучу заводунун курулушун баштап берди.

Минкаб төрагасы өлкөнүн жалпы энергетикалык абалына токтолуп, Кыргызстанда электр энергияны керектөө 18 млрд кВт/саатты түзүп, азыркы убакта өлкөнүн электр станциялары чыгарган энергия жетишсиз болуп жатканын, 14,7 млрд кВт/саат электр энергия өзүбүздөн чыгарылып, калган 3,6 млрд кВт/саат импорттолоорун билдирди.

«Чакан ГЭСтер – экологиялык жактан таза, туруктуу энергиянын булагы. Ат-Башы ГЭСи, Токтогул ГЭСинин 2 жана 4-агрегаттары оңдолду. Камбар-Ата-2 ГЭСинин 2-агрегаты, Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштери жүрдү. 50гө жакын чакан ГЭСтер пайда болду.

Кубаттуулугу 1860 мВт болгон Камбар-Ата–1 ГЭСинин курулушу башталды, келишимдерге кол коюлду. Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу менен биз энергияны экспорттой турган өлкөгө айланабыз, энергетикалык көз карандысыздыкка жетебиз», – деген Адылбек Касымалиев.

Ал бетон заводуна да токтолуп, азыркы жаңы технологиянын учурунда тынымсыз бетон куюу ыкмасын колдонуп имараттарды, объекттерди кыска убакытта куруп бүтүрүп жатканын, бул үчүн ар бир жерде өзүнчө бетон заводу зарыл экенин кошумчалады.

Жогорудагы чакан ГЭСтерди, көмөк чордонду куруунун сметалык баасы 870 млн сом жана бетон заводун курууга 70 млн сом жеке ишкерлер тарабынан каржыланган. 

Андан соң Адылбек Касымалиев Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагында аккумуляторлорду чыгаруучу заводун курууга мезгил кутучасын салуу аземине катышты.

«Өнөр жай ишканаларынын курулушу — бул жаңы технология, инвестиция, экспорттук мүмкүнчүлүк жана эң башкысы жергиликтүү эл үчүн жумуш орундарын камсыздаган өнүгүүнүн башаты. Аккумулятор чыгаруу заманбап техниканын жүрөгү десек жаңылышпайбыз. Транспорттун дүйнөлүк рыногу өсүп жаткан мезгилде мындай ишкананын түзүлүшү өлкөбүздүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырып, инновациялык экономикага карай кадам болуп саналат», – деген ал.

Жалпы сметалык наркы 452 млн сомду түзгөн бул завод аккумулятор чыгаруу менен гана чектелбестен, күн нурунан кубатталуучу күн чырактарын, төмөнкү жана жогорку кубаттуулуктагы электр чубалгыларын чыгарат.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleКыргызстанда үч эм төрөлгөн учурлар көбөйдү
Next Article Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.