Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 21-майда Президенттик администрацияда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Регина Де Доминичис менен жолугушту.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдагандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар ЮНИСЕФ менен Кыргызстандын ортосундагы 2023-2027-жылдарга карата 5 жылдык кызматташуу программасын ишке ашыруунун негизги багыттарын талкуулашты.
Тараптар Кыргызстандагы ар бир баланын кызыкчылыгы үчүн өнөктөштүктү тереңдетүүгө эки тараптуу даярдыгын тастыкташты.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
