Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жарандардан жана юридикалык жактардан жабыркагандарга бир жолку акчалай төлөмдөрдү берүү үчүн ыктыярдуу кайрымдуулук түрүндө түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамын бекитти.
Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 346 тескемеси менен ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын, өзгөчө абалдардын кесепеттерин жоюуга жана аларга жооп кайтарууга, жабыркагандарга бир жолку акчалай төлөмдөрдү берүүгө багытталган ыктыярдуу кайрымдуулуктардан түшкөн акча каражаттарын эсепке алуунун, бөлүштүрүүнүн жана мониторинг жүргүзүүнүн тартиби бекитилди.
Комиссиянын курамы
- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасы;
- Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин биринчи орун басары, комиссия төрагасынын орун басары;
- Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, комиссия төрагасынын орун басары;
- Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин кызматкери, катчы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
- өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
- финансы министринин орун басары;
- саламаттыкты сактоо министринин орун басары;
- суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары;
- өзгөчө кырдаал болгон аймактагы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчиси.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
