Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Министрлер кабинети Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагындагы 8 га сугат айдоо жерин индустриалдык-логистикалык борборду (бажы терминалын, соода түйүндөрүн жана тейлөө пункттарын) куруу үчүн трансформациялоону тапшырды.
Министрлер кабинетинин 24-апрелдеги токтомунда айтылгандай, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айыл аймагындагы № 1612 контурундагы жалпы аянты 8 га болгон сугат айдоо жери «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер» категориясына индустриалдык-логистикалык борборду куруу үчүн которулат.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Документ «Эркин Тоо» гезитине 2025-жылдын 25-апрелинде жарыяланган.
Место на карте:
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
