Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Монголдор талкалаган Ысык-Көлдөгү байыркы шаар — учурда айыл
Янгиликлар

Монголдор талкалаган Ысык-Көлдөгү байыркы шаар — учурда айыл

Май 5, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Улуу Жибек Жолунун алтын көпүрөсү болгон Жети-Өгүз районунун Барскоон айылы тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымат топтоду.

Айыл аксакалдардын жана элеттик мугалимдердин айтымында, Барскоон ― орто кылымдарда Ысык-Көл өрөөнүндө гүлдөп-өскөн, Улуу Жибек Жолунун таманында жайгашкан шаар болгон.

Барскоон айылы райондун батыш тарабынан, Ысык-Көлдүн түштүгүнөн, Тескей Ала-Тоонун этегинен орун алган. Райондун борбору Кызыл-Суудан 45 чакырымда жайгашкан. 5-6-кылымдарда дүйнөгө таанымал шаар болуп, Улуу Жибек Жолунун алтын көпүрөсү болуп, узак жыл турган.

Барскон (же Ысык-Көл) аймагынын бийи (акими) ушул шаарда отурган. Бир катар араб географтары жана саякатчылары бул шаарды Х кылымдан бери өз жолнаамаларында эскеришет. Бул шаардын акими Хусейндин баласы Махмуд Кашгари 1029-1038-жылдардын аралыгында ушул шаарда төрөлгөн.

Ал шаар кербен жолдорунун башкы тоому болуп, Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүнүн экономикалык жана соода-сатык жактан байланыштырып турган. Шаар монгол баскынчыларынын жортуулу учурунда толук талкаланган.

Азыр да Барскоон шаарынын калдыгы Жети-Өгүздөгү Барскоон кыштагынын жанында сакталган. Бирок шаар чалдыбарынын көпчүлүк бөлүгү 1950-жылдардагы дың бузуу жараяны учурунда айдоо талааларынын алдында калган.

Тарыхый мааниге ээ айыл 1920-жылы түптөлгөн. 1930-жылдары «Молотов», «Кызыл Октябрь», «Кызыл-Туу», «2-беш жылдык», Исакеев атындагы 5 колхоз түзүлгөн. 1954-жылы чарбалар биригип, Ленин колхозу түзүлгөн болчу. 1996-жылы Барскоон айыл өкмөтү болсо, 2013-жылдан бери Барскоон айыл аймагы болуп негизделген.

Ал эми айылдын аталышын ар кандай уламыштар менен байланыштырып келишет. Илгери бул аймакта күн абдан ысыган. Ушундан улам коон жана дарбыз өсүп, түшүм мол болгон. Ошол кезде баскынчылар коон-дарбызды кылыч менен чаап киришкен. Натыйжада «коондор барс жарылды» дешип, айыл Барскоон деп аталып калган.

1586 кожолукта 9 миңден ашуун адам жашайт. Барскоон айылынын жогору жагында Барскоон капчыгайы орун алган. Табияты кооз бул аймакка көптөгөн эс алуучулар келишет. Барскоон капчыгайында 2 шаркыратма орун алган. Капчыгайда ар кыл тарыхый белгилер да бар. Тагай бийдин таш белгиси баатырлар басып өткөн жер экенинен кабар берет дешет айылдык аксакалдар.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleОштогу борбордук базардын көчүрүү мөөнөтү 1-июлга жылдырылды
Next Article Бул жөнүндө дайыма ойлоном, – Путин өзүнөн кийин бийликке ким келери тууралуу

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.