Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда айылды суу менен камсыздоо жана санитарияны өнүктүрүү программасынын алкагында кредиттик жана гранттык макулдашуулар ратификацияланды. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы 29-апрелде билдирди.
«Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы — Кошумча каржылоо» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана «Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы — Кошумча каржылоо — долбоору» боюнча гранттык макулдашууга 2024-жылдын 4-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган. Мыйзам 2025-жылдын 2-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Макулдашууларда Нарын облусунун 23 калктуу конушунда калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана локалдуу-тазалоочу жабдууларды орнотуу каралган. Анын жыйынтыгында 46 330 адам сапаттуу суу менен камсыздалат.
Аталган программа калктын ден соолугун жакшыртуу жолу менен жакырчылыкты кыскартууга салым кошо тургандыгы болжолдонууда.
«Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы — Кошумча каржылоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар 38,8 млн АКШ доллары суммасында берилет:
– грант — 5,35 млн АКШ доллары;
– насыя — 27,0 млн АКШ доллары;
– Кыргыз Республикасынын каржылоосу — 6,45 млн АКШ доллары.
Азия өнүктүрүү банкынын насыясы кийинкиге калтыруу мезгилинде жылына 1%, кийинки жылы 1,5% ставка менен 8 жылдык жеңилдетилген мезгилди кошуп алганда 32 жылдык мөөнөткө берилет. Программаны ишке ашыруу мөөнөтү — 6 жыл.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
