Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Нарындыктар тыбыттын баасына нааразы болушууда
Янгиликлар

Нарындыктар тыбыттын баасына нааразы болушууда

Май 20, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush —

Учурда Нарын шаарында 1 килограмм тыбыттын баасы орточо эсеп менен 3000 сомдон сатылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаар тургуну Жаныбек Сатаров билдирди.

Анын айтмында, айыл чарба министри мал киндиктүү Нарын жергесинде эл менен жолугушуу учурунда көптөгөн убадаларды берген. Ал убадалардын арасында «Кыргызстанда эчки көп, тыбыт жакшы, тыбытты өзүбүз алып, чет мамлекетке өзүбүз экспорттойбуз» деген сөзүн эске салды.

«Айыл чарба министри айткан убадасын аткарыш керек болчу, тыбыт деген аябай кымбат. Министр “тыбытты мамлекет алат” дегенден бери 2 жыл болду. Эч тыянак жок. Тыбытты мамлекет алса, жүн, тери иштетилсе мамлекетке канча киреше түшүп, элге пайда болмок эле.

Тыбыт бааланбай калды. Койдун жүнүн, терисин элдер өрттөп жатат. Анткени алар азыр такыр эле өтпөй калды. Мындан тыбытты соодагерлер келип, өз каалаган баасын коюп, алып жатышат.

Учурда 1 кг тыбыттын баасы 3000 сомдон алабыз. Сатып алуучулар бизден 50-100 сом кошуп алат. Кытайда бул тыбыттын баасы 100 доллардан ашык турат экен. Бизден 2 эсе арзан баада алып жатат. Сатып алуучулар кытайларга алып барат, Кытайдан ары деңиз менен арабдарга алып барышат.

Эгер мамлекет алып берсе элдин баары мамлекетке өткөрүп бермек. Ат-Башы, Нарын, Кочкордо тыбыт көп, аларман жок», – деди ал.

Жаныбек Сатаров

Жаныбек Сатаров

// Turmush

————————–

2024-жылы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жазгы талаа жумуштарынын башталышы тууралуу маалымат жыйын өткөрүп жатып, кайра иштетүү өнөр жайы жана логистика тармактарында аткарыла турган иштерге токтолгон.

Төрөбаевдин айтымында, буга чейин чийки заттын 10% гана кайра иштетилип келген. Мындан ары калган 90% чийки затты кайра иштетүү өнөр жайына жумшоо каралууда.

«Маселен өлкөнүн Нарын облусунда мал чарбачылыгы өнүккөн. Бул аймакта булгаарыны жана тыбытты кайра иштетүү ишканасын ачууну пландап жатабыз. Мындан тышкары картошка сактоо, кездеме чыгаруу, сүт, мал этин, тоок этин өндүрү жана дан азыктары тармактары сыяктуу жакынкы жылдары 100 ири долбоор ишке ашырылат», – деген Төрөбаев.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleОшТУнун ага окутуучусу эл аралык илимий конференцияда доклад жасады — Билим АКИpress
Next Article ОшТУнун профессору илимий конференцияга катышты — Билим АКИpress

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.