Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Ош облусундагы Ноокат—Араван жолунун 9 чакырымы асфальтталат. Учурда жер иштери жана кеңейтүү жумуштары жүрүп жатат, деп билдирди 12-майда Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы.
Бул иштер аткарылгандан кийин жолдун 10-19-чакырым аралыгында асфальт төшөө иштери башталат.
Жумуштарды министрликке караштуу №37 жол тейлөө ишканасы аткарууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
