Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ош облусунун Ноокат районунда мектеп окуучулары мыйзамсыз түрдө автоунаа айдап жүргөнү аныкталып, унаалары айып короого киргизилди. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү маалымдады.
Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу Ноокат райондук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан иш жүргүзүү маалында аныкталган.
Кармалгандар — Көк-Жар инновациялык гимназия билим берүү комплексинин 11-классынын бүтүрүүчү окуучулары болгон. Автоунаа окуучулардын биринин атасына таандык болгон.
Эскертүүлөргө карабастан, айдоочулук күбөлүксүз унаа башкарган жашы жете электерге протокол түзүлүп, ата-энелери чакыртылган.
Бүгүн, 26-май күнү Ош облусундагы милиция кызматкерлери мектептерде акыркы коңгуроо салтанатында коопсуздукту камсыздап жатышат. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, облус боюнча 534 мектепте боло турган акыркы коңгуроодо 1000ге чукул кызматкер коомдук коопсуздукту камсыздашууда. Анын ичинен 108 кызматкер жол тескөөчүлөр. Эс алуучу жайларга жана тоолуу аймактарга баруучу автожолдорго 43 пост уюштурулуп, жаратылыш койнуна өз алдынча эс алууга барууну каалаган балдар көзөмөлгө алынууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды