Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкекке өткөн Новопавловка айылына тиешелүү грейдер Сокулукка өтүп кетти, деп билдирди Сыргак Майрамбек уулу («Эмгек») Бишкек шаардык кеңештин сессиясында.
Ал аталган техника айылдын өз каражатына алынганын белгилеп, аны кайтаруу боюнча кандай иш аракеттер көрүлүп жатканын Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиевден сурады.
Шакиев учурда соттук териштирүү жүрүп жатканын айтып, 3 техника талашка түшүп жатканын кабарлады.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
