Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Облуста билим берүү боюнча 1-орунда келе жаткан Жайыл районундагы мектептерде акыркы коңгуроо жаңырды
Янгиликлар

Облуста билим берүү боюнча 1-орунда келе жаткан Жайыл районундагы мектептерде акыркы коңгуроо жаңырды

Май 27, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Бүгүн, 26-май күнү Жайыл районунун жана Кара-Балта шаарынын мектептеринде акыркы коңгуроо жаңырды, деп билдирет аймактык кабарчы. 

Маалыматка караганда, 2024–2025-окуу жылынын аягында район боюнча жалпы орто билим берүү мекемелеринде 27 миң 895 окуучу билим алууда. Жайыл районунун айылдарында быйыл 11-классты 478 окуучу бүтүрүп жатса, Кара-Балта шаарында 1344 бүтүрүүчү мектепти аяктоодо.

Ошондой эле, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөгө катышты. ЖРТ 17–20-май күндөрү Кара-Балта шаарындагы №1 жана №12 орто мектептеринин базасында өткөрүлдү. Ага 977 окуучу, анын ичинде өткөн окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүн камтыган кошумча тизмедеги абитуриенттер катышты. ЖРТнын жыйынтыктары 20-июнга жакын белгилүү болот.

«Билим берүүнүн сапатынын негизги көрсөткүчү — бул олимпиадалардагы жыйынтыктар. Быйылкы окуу жылындагы бул сынактардын жыйынтыгында бизде 9 байгелүү орун бар. Жайыл райондук билим берүү бөлүмү Чүй облусунда 1-орунду ээлесе, Чүй облусу республика боюнча 2-орунду ээледи.

Мен төмөнкү окуучуларды өзгөчө белгилеп кетким келет: №10 орто мектептин 11-классынын окуучусу Айдана Искакбекова орус тили жана адабияты боюнча облустук олимпиадада 2-орунду ээледи, №6 орто мектептин 10-классынын окуучусу Аруке Слайманова математика боюнча облустук олимпиадада 2-орунду ээледи, №6 орто мектептин 11-классынын окуучусу Мадина Шукурова орус тили жана адабияты боюнча олимпиадада байгелүү орунга ээ болду, №4 орто мектебинин 11-классынын окуучусу Эдиль Абасов орус тили жана адабияты боюнча 1-орунду ээледи.

Ушул жылдын апрель айында Ставрополовка айылынын орто мектеби, Бекитай айылынын орто мектеби жана Кара-Балта шаарындагы №9 орто мектеп сыяктуу бир катар мектептер PISA эл аралык билим берүү жетишкендиктерин баалоо программасына катышышты. Натыйжаларын күтүп жатабыз», – дейт райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талантбек Арыков. 

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleКочкор районунун аймагында 843 окуучу 11-классты аяктады
Next Article Бишкекте психикалык дарттан жабыркаган Айсулуу Шамшиева изделип жатат

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.