Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата аймактык кабарчы Жети-Өгүз районунун Дархан айылындагы ооруктун ардагери — 98 жаштагы Зыйнакан Абдиева менен маектешип келди. Ардагер кандуу согуш жылдарын эскерип, жаш курагында турмушка чыккан учурларын мындайча айтып берди:
«Өзүм Дархан айылынын эле кызы болом. Атамдын аты Абды, мен анын тун кызы элем. Кезинде чоң атам баатыр адам болгондугу эл ичинде айтылып жүрчү. Уруш, согуш жылдары мен секелек кыз болчумун. Талаадан машак терип, эгин оруп, кара жумуштарда иштедик. Ачка калган күндөрүбүз көп болду. Бир куржун жарманы үч киши болуп бөлүшүп ичкен учурлар болгон. Бирок ачкачылык өлүмгө жеткирбейт экен. Ошентип, кандай кыйынчылык болбосун жан сактап жүрдүк.
Согуш бүткөнүн бир күнү эле айылдагы башкарма көчө кыдырып, элге жар салып сүйүнчүлөп чыкты. “Уруш бүттү!” деп кубанып жатышты. Кемпирлер менен балдардын ыйлаганы, кубанганы азыркыга чейин көз алдымда турат. Анан эле айылдын ортосуна эл чогулуп, “согуштан жоокер келди”деп жатышты. Мен анча маани берген жокмун. Көрсө, ошол адам кийин менин жолдошум болуп чыгат экен.
Кандуу согуш бүткөн жылы мен айылдагы жети жылдык мектепти бүтүп, ата-энеме жардам берип жүргөм. Бир күнү Ак-Жардагы жайлоого, колхоздун малын айдап, ата-энемдин жанына бараткам. Аңгыча эле аттардын дүбүртү угулду. “Булар ким? Каякка баратат? Эмнеге бул жол менен жүрүшөт? Же атама баратышабы?” деп ойлогончо эле, алар жаныма келип, мени атка бөктөрүп ала качып жөнөштү. Ошентип, улуулардын кеңешин угуп, “таш түшкөн жеринде оор” деген макалга ылайык ошол жерге отуруп калдым. Жолдошум согуш учурунда госпиталда айдоочу болуп кызмат өтөптүр.
Жүк ташуучу унаа менен өлүк ташычу экен. Согушта курман болгон жоокерлердин сөөгүн жүктөп, атайын өлүктөрдү жашыруу үчүн казылган чуңкурларга таштап, оор күндөрдү башынан өткөрүптүр. 1945-жылы фронттон кайтып келип, баш кошуп калдык. Абышкамдын биринчи жубайы төрөттөн каза болуп калыптыр. Баш кошкондон эки жыл өткөн соң тун кыздуу болдук. Келин болуп келгенден тартып кайын атам мени өз кызындай көрүп, ак батасын берип, дайыма алкап жүрдү. Абдан жакшы киши эле.
Жолдошум экөөбүз сегиз балалуу болдук. Кудайга шүгүр, азыр небере, чөбөрө, кыбыра көрүп, бактылуу карылыкта жашап жатам. Өзүм төрт бир туугандын тунумун. Иним каза болуп калды, азыр эки сиңдим бар, алар да 90 жашка келип калышты.
Азыр жашоо жарык, жакшы. Эң башкысы — согуш болбосун! Өлкөдөгү өсүштөрдү, жакшы жаңылыктарды укканда кубанып, ар дайым батамды берип турам», – дейт Зыйнакан эне.
Уулдары Талантбек жана Болот Берикбаевдер апасы Зыйнакан апа менен сыймыктанаарын айтып, азыркы учурда апасынан тараган уул-кыздардын саны арбын экенин, баары ар кандай кесиптерди аркалап, билимдүү инсан катары коомго кызмат кылып жатканын белгилешти. Алардын айтымында, Зыйнакан ападан тараган урпактардын саны 100дөн ашкан.
Небереси Марс Берикбаев жакында эле чоң энесинин согуш жылдары тууралуу эскерүүлөрү негизинде жазылган «Согуштун өчпөс тактары» аттуу китеп жарык көргөнүн айтып өттү. Ал чоң энесин акылы тунук, оозунан накыл кеби түшпөгөн, сыймыктуу ардагер катары мүнөздөдү.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
