Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Орус аскерлерин 3 күн тосуп, элин сактап калган Кадыр Калча уулу
Янгиликлар

Орус аскерлерин 3 күн тосуп, элин сактап калган Кадыр Калча уулу

Май 11, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы Сөөк ашуусунда 1916-жылдагы Үркүн учурунда орус аскерлерин жар боюнда 3 күн тосуп, үрккөн элдин тобун сактап калган Кадыр Калча уулу тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымат топтоду.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Кадыр Калча уулу мылтыгы менен Сөөк ашуусунда орус аскерлерин тосуп, үркүп бараткан элди Үзөнгү-Кууштан ашырып, Ак-Чий, Какшалдан өтүп кеткенче таш үстүндө мылтыгы менен атып, тап берип кайтарып турган.

Аксакалдар жигиттерге «Кадыр өлсө сөөгүн корумдагыла, тирүү болсо алып келгиле» деген буйрук беришет. Кадыр 3 күндөн кийин аты да, өзү да ачка жана алсыз элинин артынан бара жатканда үркүп кеткен топко жолугуп, Кытайга сапар алган. Ошол учурда Кадыр Калча уулу 17-18 жашта болгону айтылат. Ал үй-бүлөдө 9 бир туугандын улуусу болгон. Жалпы 7 бир тууганы Үркүн учурунда мерт кетип, эң кичүү иниси Асакей экөө гана калган.

Эл арасында Кадыр Калча уулу көзгө атар мерген гана эмес, бука мойнун буурай турган балбан билек болгону айтылып келет. Бапа уруусундагы Шадыкан ажынын өгүзү ороого түшүп кеткенде чапанын, баш кийимин ажыкеге карматып, ороонун бурчун тээп өгүздү тартканда бир мүйүзү Кадырдын колунда калып, өгүздү сууруп чыккан экен. Ошондо Шадыкан ажы Кадырды жети жолу камчы менен жонго чаап, «көз тийбесин» деген экен. Муну менен катар Кадырдын Туюк жайлоосунан текени бир зоодон экинчи зоого көтөрүп чыкканы айтылат.

Асакейдин уулу Жолдошбек Калчаев Кадыр Калча уулу кантип жана эмне үчүн өлтүрүлгөнү боюнча үн катты.

«Кадыр чоң атам Кытайдан өз мекенине кайтып келгенден кийин эл катары дыйканчылык менен алек болуп, үй-бүлөсүн (1 уул жана 1 кыздуу болгон, экөө тең каза таап, учурда неберелери бар) асырап келген. Кийин ага контрабандалык топко аралашкан деген күнөө коюлуп, Караколдогу педагогикалык окуу жайдын короосуна алып келишкен. Айып тагуучулар барскоондук Борой деген досу экөөнө көр каздырган экен. Алгач досун мылтык менен атканда өзү казган көргө кирип кетиптир. Кадыр атамды атканда жер чапчып кыйналып жатканда түртүп атып өлтүрүп, көмүп салышкан экен. Атам бир тууганы Кадырга тамак алып барып, бул суук кабарды угуп, Караколдон Барскоонго чейин ыйлап келиптир. Бир нече жылдары бою Кадыр чоң атам боюнча маалыматтарды издей баштадым. Кийин ошол кездеги УКМКдан 1931-жылы 18-январда атылганы тууралуу кабар алдым», – деди ал.

Ал эми эл арасында тараган маалымат боюнча, Кадыр Калча уулу кезинде Үркүн учурунда коргогон айылдаштарынын бири саткынчылык кылып, «жоону тоскон» деген маалымат тараткан. Мындан улам ага айып тагылып, атылып кеткени айтылат.

2016-жылдын июль айында Үркүндүн 90 жылдыгына карата Сөөк ашуусунда эрдик көрсөткөн Калча уулу Кадырга арналып эстелик орнотулган. Бул ирет Жолдошбек Калчаев (бир тууган иниси Асакейдин уулу) таш белги жана өткөндөргө Куран түшүрүп туруучу атайын жай курган.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleУбакыттын өтүшү менен унутта калган кыргыз салттары
Next Article Turmush: Карагатка кардарлар көп, «сары кызга» куда түшкөндөр аз,

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.