Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Орусиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин 18-майда Кыргызстанга расмий визит менен келди.
Орусиялык делегацияны Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Жогорку Кеңештин Орусия Федерациясы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Эльдар Сулайманов тосуп алышты.
Визиттин алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен Володиндин ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылган. Мындан тышкары Мамлекеттик Думанын төрагасы Бишкекте өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин көчмө жыйынына катышат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
