Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ош облусунда мыйзамсыз балык уулагандарга 7500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу «NABU Кыргызстан» уюмунан билдиришти.
Маалым болгондой, алар Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте Ноокат районунун Найман, Кара-Суу районунун Папан суу сактагычтарында жана жайлоолордо атайын рейдерди өткөрүштү.
«Ыкчам маалыматтардын негизинде уюштурулган рейддердин жүрүшүндө Папан суу сактагычынын жээгинде мыйзамсыз балык уулоого шектелип кармалган 2 жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 266-беренесин 1-пунктуна (ышкыбоздук балык уулоо эрежелерин бузуу) ылайык 2000 сом айып пул салынды»,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, Найман суу сактагычында балык уулоо эрежелерин бузуп, синтетикалык тор салып жүргөн 1 адам калмалып, ага 5500 сом айып пул салынды. Далил буюм катары 70 метр узундукта синтетикалык тор жана үйлөмө кайык убактылуу конфискацияланды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
