Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ош шаарындагы А.Мамыров көчөсүн кеңейтүү жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу, кызыл сызыкка чыгып кеткен имараттардын катарында Ош шаардык кеңешинин депутатына таандык эки кабаттуу имараттын да бузулууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин бул имараттын кызыл сызыкка чыккан бөлүгү бузулбай калган. Бирок аталган көчөнүн жашоочулары мыйзам бардык жарандарга бирдей иштеши керек экенин белгилеп, [шаардык кеңештин депутатына таандык эки кабаттуу имарат] нааразычылык билдиришкен. Эгер бузулбаса, эл өзү топтолуп чара көрөбүз деген билдирүүлөр айтылган.
Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын маалыматына ылайык, бүгүн объекттин ээлерине акыркы эскертүү берилип, мыйзам талаптарына ылайык, кызыл сызыкка кирип калган бөлүгү бузулуп алынууда.
Эске салсак, А.Мамыров көчөсүн кеңейтүү иштери мурдагы мэр Бакыт Жетигеновдун тушунда башталган.
Бузулуп жаткан имарат Ош шаардык кеңешинин депутаты И.К. таандык экени айтылууда.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
