Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Ош шаарында жалгыз бой, турмушу оор, көп балалуу аялдар үчүн жатакана салынууда
Янгиликлар

Ош шаарында жалгыз бой, турмушу оор, көп балалуу аялдар үчүн жатакана салынууда

Май 17, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү эски имарат жатакана катары кайра курулууда.  Бул тууралуу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынан билдирди. 

Маалым болгондой, бул долбоор Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин жеке чечими менен турмуштук кыйынчылыктарга дуушар болгон, жалгыз бой жана көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн ишке ашырылууда. 3 кабаттан турган жатакананын ар бир кабатында ашкана, эс алуучу бөлмө, жуунучу жай, ажаткана, муздаткыч сыяктуу тиричилик техникасы менен камсыздалган бөлмөлөр каралган. Анын короосу тосмо менен курчалып, балдар аянтчасы, унаа токтотуучу жай, жашыл бак жана очоккана курулууда.

Долбоор 2025-жылдын март айында тендерге коюлуп, апрель айынын аягында жеңүүчү мекеме менен келишим түзүлгөн. Учурда имараттын эшик-терезелери толугу менен алмаштырылып, шыптары кагылып, сырты жылууланды. Чатыры да жаңыланып, жалпы иштердин 70% аткарылды.

Календардык графикке ылайык, объект июль айында пайдаланууга берилет. Оңдоп-түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттен 34 миллион сом бөлүнгөн. Курулуш иштерин Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы көзөмөлдөп жатат.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleМедербек Кыдырмаев Бишкектин жаңы башкы архитектору болду
Next Article Урмат Карыбаев Бишкектин башкы архитектору кызматынан кетти

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Top Posts
Advertisement
ЖАРНАМА EurasiaPulse баннер

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
© 2026 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.

Go to mobile version