Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ош шаарында Волгоград көчөсүн кеңейтүү долбоорунун алкагында курулушка тоскоол болгон объектилерди бузуу иштери жүрүп жатат.
Мэриянын маалыматына караганда, Волгоград көчөсүндө жолдун борборунда жайгашкан «Фирдаус» мечити алынууда. Мечитти башка жакка көчүрүү диний ишмерлер жана жергиликтүү тургундар менен алдын ала макулдашылган. Ош шаарынын казысы да билдирүү жасаган.
Волгоград көчөсүн кеңейтүү иштеринин алкагында кызыл сызыкка чыгып, жолдун ордуна курулуп калган, конок үйүн алып салуу боюнча буга чейин ээсине эскертүүлөр берилип, учурда тиешелүү кызматтар тарабынан бузуп алып салуу иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, Волгоград, 2б дарегинде турак үйдүн ээлеринин макулдугу менен жолду бошотуу үчүн курулушту жылдыруу боюнча иштер башталган.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					