Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ош шаарындагы Көкүм-Бий көчөсү ачылат. Бул тууралуу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Көкүм-Бий көчөсүнүн дээрлик 1/3 бөлүгүнө асфальттын биринчи катмары басылып бүтүп, жол бүгүн, 17-май күнү саат 21:00дөн тарта ачылат.
«Болжол менен 1600 метр жол күнү-түнү, 24 саат Кеңеш айылындагы жол чырактан баштап, Бирлешкен айылына чейин ачык болот.
Ал эми Бирлешкен айылынан Барсбек баатырдын эстелигине чейинки аралык 21:00дөн 07:00гө чейин ачылып, күндүзү кайра жабылып турат.
Учурда асфальттоо жумуштары кызуу жүрүп жатат. Шаардыктарды убактылуу жаралып жаткан ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз.
Долбоордун алкагында жалпы узундугу 4100 метрди түзгөн, туурасы 14 метр болгон жолго асфальт төшөлөт. Ал 4 катар унаа жүрүүгө ылайыкталып жасалууда. Көчөнүн жээктеринде арыктар курулуп, жер алдындагы суунун көп болгон аймактарында 1,5-2 метр тереңдикте жер казылып, таштар төшөлүп кайра тегизделди.
Мындан тышкары, ирригациялык системалар курулуп, жол четиндеги бордюрлар орнотулууда жана суу түтүктөрү жер астынан өткөрүлүүдө», – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарын жана Араван районун бириктирген негизги Көкүм-Бий көчөсүндө асфальт төшөө иштери башталганын жазган.
12-май күнү Көкүм-Бий көчөсү 4 күнгө убактылуу жабылып, №6 муниципалдык автобус жана №106, №113 маршруттук каттамдардын багыттарына өзгөртүүлөр киргизилген.
Курулуштун жүрүүсүн Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы көзөмөлдөөдө.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
