Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Ош шаарындагы «Мээрим» паркынын ижара акысы 5 эсе көтөрүлдү
Янгиликлар

Ош шаарындагы «Мээрим» паркынын ижара акысы 5 эсе көтөрүлдү

Май 9, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Марс Исаевдин апасынын атына ижарага берилген «Мээрим» паркына төлөнүүчү жылдык ижара акысы 5 эсеге көтөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, парктын жалпы аянтынан футбол аянтчасы курулган бөлүгү алынып салынгандан кийин, жаңы келишим 3,5 млн сом өлчөмүндө түзүлдү. Буга чейин ижарага алуучу жылына 700 миң сом төлөп келген.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 19-мартында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев «Мээрим» паркына рейд жүргүзүп, ижара акысы өтө төмөн экенин айткан. Ал парктын келишимин кайра карап чыгып, ижара төлөмүн жогорулатуу тапшырмасын берген. Токторбаев жылдык төлөмдү 5 млн сомго чейин көтөрүүнү, ошондой эле акыркы 5 жыл үчүн 25 млн сом өндүрүүнү сунуштаган.

Бул талап боюнча ижарага алуучу тарап төмөнкүдөй жүйөлөрдү келтирип, Жеңишбек Токторбаев менен жолугушкан. Алар парктын айланасын өздөрү тосуп алышпаганын жана ал кезде таштап коюлган паркты өз каражаты менен оңдоп-түзөп, иштетип келишкенин айтып, мэрге кайра кайрылышкан. Алардын баары эске алынып, жылына 3,5 млн сомго жылдык келишим түзүлгөн.

Муниципалдык менчик башкармалыгы парктын ижара келишимин кайра карап чыгып, аянтын тактап чыкканын жана «Мээрим» паркы 2015-жылы жеке ишкер Уулфат Досбаевага (мурдагы вице-мэр Марс Исаевдин апасына) аттракциондорду орнотуу жана паркты абаттоо максатында ижарага берилгенин билдирди.

Ушул тапта  «Мээрим» паркында дагы кошумча жаңы атракциондор курулуп, көрктөндүрүү иштери жүрүп жатканын көрүүгө болот.

—————————————————–

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарынын жетекчилиги «Мээрим» паркы боюнча келишимди жаңылап, ижара акысын көтөрүү боюнча иш кагаздарын кайрадан карап чыгууну чечкенин жазган. 

2025-жылдын 19-мартында мэриянын жетекчилиги рейд өткөргөн. Анда парктын ижара акысы арзан экени айтылып, келишимди жаңылап, ижара акысын көтөрүү керектиги белгиленген.

Мэр Жеңишбек Токторбаев вице-мэр Замирбек Юсуповго кайрылып: «Тосмолорду алып, келишимди үзгүлө. Карачы акыбалын? Келишимди үзүп, ичин толук түрдө тазалагыла. Эмне үчүн муну тосуп алды? Бардык тосмолорун алгыла», – деген.

Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев аталган жер кароосуз калгандыктан жерди ижарага алган тарап оңдогонун билдирген.

Жеңишбек Токторбаев: «Кереги жок оңдогондун. Мен өзүм оңдойм. Мобул жерди ач. Бул парк эмес эле, базар го эй, ия?… Бул эмне ижарадабы? Канча ижара төлөйт?», – деп сураган.

Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Максатбек Орозалиев жылына 700 миң сом ижара акы төлөнөрүн айткан.

«Бир жылга 700 миң? Ким ижарага алган бул жерди?», – деп сураган мэр.

Вице-мэр Замир Юсупов: «Марс Асанович [Ош шаарынын мурунку биринчи вице-мэри]», – деп жооп берген.

Жеңишбек Токторбаев: «Марс Исаевби? Болду, келишимди үзгүлө. Бул жердин аянты канча?», – деген.

Жетекчилердин бири парктын аянты 2 гектар 45 сотых экенин белгиледи.

Жеңишбек Токторбаев: «2,5 гектар экен ээ? 2,5 гектар болсо, ижарасына 5 млн сом төлөсүн. Жаз, 5 млн төксүн. 700 миң, болбогон гана тыйын төлөйт экен да бул жерге», – деген.

Андан ары Токторбаев: «700 миң бир жылга төлөйбү?», – деп сураган.

Жетекчилердин бири: «Ооба, айына 57 миң 800 сомдон», – деп жооп берген.

Жеңишбек Токторбаев: «57 миң сом айына? Ажаткана төлөп жатат го айына 57 миң. Канча жылдан бери иштетет?», – деп сураган.

Максат Орозалиев: «5 жылга ижарага алган», – деп жооп берген.

Жеңишбек Токторбаев: «5 жылбы, 5 жылдык ижарасын төлөйт. 5 жылга 25 млн сом төлөсүн. Эскертүү бергиле. Эгер төлөбөй турган болсо, келишимди үзгүлө дагы, баарын өзүм иштетем. Мэрия өзү иштетет. Эмне үчүн бир адам байышы керек? Эмне үчүн мэрия жылаңач отуруш керек? Тосмолорунун баарын бүгүн алгыла. Карагылачы, айланасы бүт бейтартип.

Жаздыңызбы, 5 жылга 25 млн сом төлөйт, жаңы жылдан баштап жылына 5 млн сомдон төлөйт. Жанагы 5 млн сом төлөйм деп келип кеткен кайсыл парк болчу? А.Навои паркыбы? Мына, көрдүңөрбү? Ал 5 млн төлөйт. Бул да төлөсүн, анан акчасын алдын ала берсин, бизге акча керек. Көчөт алышым керек, асфальт басышым керек. 25 млн сомду батыраак төлөп берсин, эгер төлөбөсө бүт бардык нерсесин алып кетсин, тосмолорду ачып койсун. Болбосо мэрия иштетет, сиз иштетесиз, Максат [Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Максатбек Орозалиев] деле иштете берет», – деген.

Ал эми Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы Turmush басылмасына билдиргендей, Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан «Мээрим» паркы жалпы 36 миң 900 чарчы метр жерди ээлейт. 2015-жылдын 7-октябрында Ош шаарынын мэриясынын курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиясынын чечими менен ижарага берилген. Конкурста эң жакшы эскиздик долбоор жана эң көп ижара акысын сунуштаган тарап утуп алган.

Аттракциондорду, отургучтарды орнотуу, жарыктарды коюп, кайрадан оңдоп-түзөө, жашылдандыруу үчүн 5 жылдык мөөнөтке жеке ишкер У.Досбаевага курулуш сунушка керектүү 15 000 000 сомду бир айдын ичинде толук төлөө шартында берилген. Чечим Ош шаардык кеңеши тарабынан колдоого алынган. Ош шаардык курулуш жана архитектура боюнча башкы башкармалыгы тарабынан 2016-жылдын 21-апрелинде У.Досбаеванын Ош шаарынын башкы планына ылайык долбоору жактырылган.

Улфат Досбаева

Улфат Досбаева

// Из архива Turmush

«2021-жылдын 11-июнунда муниципалдык менчикте турган жер участогун менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын негизинде жер тилкесинин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу беш жылдык мөөнөткө жеңил типтеги курулуштарды курууга, абат кылып, аттракциондорду, отургучтарды орнотуу жана жарыктарды коюп, кайрадан ондоп-түзөө, жашылдандыруу үчүн жеке ишкер Досбаева Улфат Жоробековнага ижара акысы 10%га жана аянты архитектуралык планга ылайык 400,0 чарчы метрге узартылып келишим түзүүгө макулдук берилген. Башкармалык менен 2021-жылдын 13-сентябрында №268-21 сандуу ижара келишими түзүлүп, ижара акылары төлөнүп келүүдө», – деп айтылган маалыматта.

Айрым маалыматтар боюнча, Улфат Досбаева Ош шаарынын мурдагы биринчи вице-мэр Марс Исаевдин апасы.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, Улфат Досбаева «Изюм групп» ЖЧКсынын түзүүчүсү жана жетекчиси катары көрсөтүлгөн. Компания 2018-жылы 19-сентябрда кайра катоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: билим берүү тармагындагы кошумча ишмердүүлүк.

«ИZЮМ» ресто-барын буга чейин Ош шаарынын биринчи вице-мэри кызматында иштеген Марс Исаев менен байланыштырып келишкен.

«Изюм групп» ЖЧКсы [«ИZЮМ_GROUP»] «ИZЮМ» ресторанын, «Love Park ИZЮМ» жана «LOFT 32/22» [түнкү клуб жана караоке] башкарат.

————————————————————————

2017-жылдын 14-августунда Ош шаарында оңдоодон кийин «Сүйүү багы» сейил багынын ачылышы өткөн. Буга чейин парк «Мээрим» деп аталып келген.

Ачылыш аземге Ош шаарынын ошол учурдагы биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, парктын директору Ульфат Досбаева, аксакалдар, студенттер, жашоочулар катышкан.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleОоруктун ардагери — 98 жаштагы Зыйнакан Абдиева менен маек
Next Article Кыргызстан апрелде Россияга жаңы унааларды 2 эсе көп экспорттоду

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.