Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Ош шаарынын казысы УКМКга жеткирилди
Янгиликлар

Ош шаарынын казысы УКМКга жеткирилди

Май 23, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ош шаарынын казысы Мирланбек Токтомушев тергөө иштерине байланыштуу УКМКга жеткирилди.

Айрым булактардын маалыматына караганда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Мирланбек Токтомушевди мекемеге алып барышкан.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, тергөө иш-чаралары ажылык уюштуруудагы каржылык мыйзам бузуулар боюнча жүрүүдө. Токтомушев бул иште кандай макамда өтүп жатканы азырынча белгисиз. Ошондой эле, ал кармалганбы же кармалган жокпу бул тууралуу да так маалымат жок.

Turmush басылмасы УКМКнын басма сөз кызматына расмий түшүндүрмө алуу үчүн кайрылган.

Ош шаарындагы мусулмандардын казыятынын жетекчиси болуп Токтомушев Мирланбек Бакишович дайындалган. Аны дайындоо тууралуу буйрукка муфтий Замир Ракиев кол койгон.

Буга чейин Ош шаардык мэриясы билдиргендей, 21-майда ажылыкка бара жаткан зыяратчылардын алгачкы тобу Ош шаарындагы аэропорт аркылуу учуп кетишкен.

Ажылыкка жөнөп жаткан зыяратчыларды узаткандардын катарында Ош шаарынын казысы Мирланбек Токтомушев да болгон. Андан тышкары, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү, башында муфтий Абдулазиз кары Закиров, президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин түштүк региону боюнча жетекчиси Фурхатбек Адилбек уулу жана башка диний ишмерлер да катышкан.

Быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстанга ажылык сапар үчүн 6060 квота бөлгөн. Зыяратчыларды жалпысынан 139 топ башчы коштоп жүрүшү күтүлүүдө.

Аэропорт в городе Ош / 21 мая 2025

Аэропорт в городе Ош / 21 мая 2025

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleТоктогул суу сактагычындагы суунун көлөмү
Next Article Башкы прокурор М.Асаналиев ЕККУнун өкүлү менен жолукту

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.