Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Самидин кары Атабаев Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка муфтий Абдулазиз кары Закиров кол коюп, эмгек жамаатка тааныштырды.
Атабаев буга чейин Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы кызматын аркалап келген.
Ал 1973-жылдын 27-декабрында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Комсомол айылында жарык дүйнөгө келген. 1991-жылы Өзгөн районуна караштуу Комсомол орто мектебин бүткөн. 1991-1995-жылдары Бишкек шаарында жайгашкан Кыргызстан Ислам институтун аяктаган. 1995-1996-жылдары Бишкек шаарында аскердик кызматын өтөгөн. 2002-2006-жылдары Казань шаарындагы Россия Ислам университетин аяктаган. Мындан сырткары 2016-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүргөн. 2020-жылы Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институтуна тапшырып, учурда аталган инситуттун аспиранты болуп саналат.
Эмгек жолун 2006-жылы Өзгөн районундагы «Абдираим каары» медресесинде окуу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалоодон баштаган. 2008-2010-жылдары Өзгөн районундагы «Имам аль-Бухарий» ислам институтунун окуу иштери боюнча проректору, 2010-2015-жылдары Өзгөн районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенген. 2015-жылы августта Ош облусунун мусулмандарынын казысы болуп дайындалган. 2021-жылдын июлунда Бишкек шаардык мусулмандарынын казысы болгон. 2022-жылдын март айында муфтийдин орун басары, 2023-жылдын февраль айынан тарта муфтийдин биринчи орун басары болгон. Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Россия Федерациясынын Европа бөлүгү боюнча атайын өкүлү кызматына бекитилген. Үстүбүздөгү жылдын 26-январынан 10-февралына чейин муфтийдин милдетин аткаруучусу болгон. 2024-жылдын 23-майында Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы болуп дайындалган.
Үй-бүлөлүү; эки уул, төрт кыздын атасы.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды