Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ош шаарынын Кең-Сай конушуна таза суу жеткирүү долбоору боюнча элдик жыйын өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, бул маселе көп жылдан бери чечилбей келет. Шаар мэри Жеңишбек Токторбаев таза суу жеткирүү долбоору менен таанышты. Долбоордун жалпы келишим баасы 205 млн 294 мин 278 сомду түзгөн.
Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетектөөчү адиси Рустамбек Шерматовдун айтымында, каражат толук бөлүнө элек.
«Бул долбоор мамлекеттик дирекция тарабынан Кең-Сай конушун таза суу менен камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан. Жалпысынан 85 млн сом гана бөлүнгөн. Ал эми долбоордун биринчи этабынын сметалык баасы 208 млнду түзүп, келишим менен 205 млн сомго «Мега Трест» ЖЧК менен түзүлгөн. 2015-2016 жылдардан акча бөлүнбөгөндүктөн иш токтоп калган. Быйыл Ош шаарынын мэриясы ушул ишти кайра жандандырып жатат. Буга чейин кирпич заводунан Ак-Тилек айлампасына чейин суу түтүктөрү орнотулган. 2 насостук станция курулган. Жалпы 4,5 км узунтукта түтүктөр курулган. Дагы 4,5 км жолго түтүктөр, насос станцияларга жана электр камсыздоого болжолдуу 150-160 млн сомдой каражат керектелет», – деди Шерматов.
Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, 2015-жылы 3-августта кайра каттоодон өткөн «Мега Трест» ЖЧКнын түзүүчүлөрү Жээнбеков Арынбек менен Нурматов Суйунбек Шерматович. Жетекчиси Жээнбеков Арынбек. Ишкана имараттарды куруу менен алектенет.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды