Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – «Ошайылкурулуш» ачык акционердик коомунун жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин кайтаруу боюнча жүрүп жаткан иштердин алкагында Ош облустук мүлк фондунун жооптуу кызматкерлери тарабынан 1,53 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчике берилгендиги аныкталды.
2025-жылдын 30-апрелинде «Ошайылкурулуш» ААКтын төрагасы И.А.Т. тарабынан 1,53 га жер тилкесин акысыз өткөрүп берүү келишимин негизинде Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
