Close Menu
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
What's Hot

Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

Октябрь 20, 2025

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025
Facebook Instagram TikTok Telegram
  • Кыргызча
    • Қазақ тілі
    • Oʻzbek
    • Кыргызча
    • 中文 (中国)
    • Русский
Facebook X (Twitter) Instagram
EurasiaPulse
  • Башкы бет
  • Борбордук Азия
  • Саясат

    Токаев АКШтагы жаңы Казакстан элчисин дайындады

    Октябрь 20, 2025
  • Дүйнө
  • Коом
  • Маданият
  • Спорт
  • Янгиликлар
EurasiaPulse
Главная страница » Ошто 5 күн мурун мэрдин катышуусунда пайдаланууга берилген жаңы тротуар жарактан чыкты
Янгиликлар

Ошто 5 күн мурун мэрдин катышуусунда пайдаланууга берилген жаңы тротуар жарактан чыкты

Май 7, 2025
Facebook Twitter LinkedIn Telegram Pinterest Tumblr Reddit WhatsApp Email
Share
Facebook Twitter LinkedIn Pinterest Email

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ош шаарынын Алай көчөсүндө 5 күн мурун — 1-майда жаңы тротуар пайдаланууга берилген. Ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев келген. 

Социалдык тармактарда тротуар менен жолдун үстүнкү бөлүгү курулуш компаниясынын оор техникалары менен кантип талкаланганын көрсөткөн видео пайда болду. 

 «Ош шаардык жолдор» муниципалдык ишканасынын башчысы Жеңиш Шоноевдин айтымында, айдоочулар уруксаты жок оор жүк ташуучу унаалары менен кирип, жолду жараксыз абалга келтирген. 

«Алай көчөсүнүн жолун былтыр асфальттап, иштетүүгө бергенбиз. Ал көчөгө оор жүк ташуучу унааларга кирүүгө болбойт. Алай көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жаткандыктан бетон ташыган оор жүк ташуучу унаалар жолду жана тротуарды талкалашууда. Бизден уруксат албай, Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгул кызматынан уруксаты менен кирип жатышыптыр. Протокол түзүлүп, анын негизинде 470 миң сом айып пул салынган. Жолдон сырткары, жакында гана иштетүүгө берилген тротуарды да бузуп жараксыз абалга келтиришкен. Ал боюнча да өзүнчө протокол түзүлүп, айып пул салынат», – деди Ж.Шоноев.

Аталган көчөдө жайгашкан турак жайдын курулушун «СК Гарант KG» ЖЧКсы жүргүзүүдө. Юстиция министрлигинин маалымат базасында директор жана уюштуруучу катары Сыдыков Уланбек Маматысаевич көрсөтүлгөн. Компания 2018-жылдын 22-июнунда катталып, 2023-жылдын 31-июлунда кайра каттоодон өткөн.

Негизги ишмердүүлүгү — турак-жай жана турак эмес имараттарды куруу. 

Буга чейин Ош шаардык муниципалитети И.Раззаков, Алай жана Сүйүнбаев көчөлөрүндөгү жаңы тротуарлардын ачылыш аземи мэриянын жетекчилиги жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда болгонун билдирген. 

Бул көчөлөрдө жөө жүрүүчүлөр үчүн шарттар жок болуп, шаар тургундарына ыңгайсыздык жараткан. Тротуарлар менен катар ирригациялык системалар орнотулуп, түнкү жарыктандыруу уюштурулуп, кыймылдын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу жогорулаган. 

Жаңы тротуарлардын жалпы узундугу 3 чакырым 250 метрди түзөт:

– И.Раззаков көчөсүндөгү тротуардын узундугу 2 чакырым, туурасы 3 метр;

– Алай көчөсүндөгү тротуардын узундугу 250 метр, туурасы 2 метр;

– Сүйүнбаев көчөсүнө ар биринин узундугу 500 метр, туурасы 2 метр болгон эки тараптуу тротуарлар курулду.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share. Facebook Twitter Pinterest LinkedIn Tumblr Telegram Email
Previous ArticleСокулук айылындагы көчөгө жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуар салынып жатат
Next Article Япониянын мурдагы императору Акихито ооруканага жаткырылды

Related Posts

Бакиев келсе кайрадан соттук териштирүү өткөрөбүз,

Май 28, 2025

Чымкент шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Май 28, 2025

Кыргызстанга ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешинин жыйынына катыша турган өкүлдөр келди

Май 28, 2025
Іздеу
Категориялар
  • Main KG (1)
  • Саясат (1)
  • Янгиликлар (1,318)
Top Posts

Subscribe to Updates

Get the latest sports news from SportsSite about soccer, football and tennis.

Advertisement
Demo

eurasiapulse.com

Facebook Instagram YouTube TikTok Telegram
Top Insights
Get Informed

Subscribe to Updates

Get the latest creative news from FooBar about art, design and business.

© 2025 eurasiapulse.com. Designed by Eurasiapulse.com.

Type above and press Enter to search. Press Esc to cancel.