Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 6-майда Ош шаарындагы «Өчпөс от» мемориалдык комплексинде «Эскерүү оту» эл аралык акциясынын алкагында салтанаттуу иш-чара өтүп, өчпөс от жагылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, Москва шаарындагы белгисиз жоокердин күмбөзүндөгү Өчпөс оттон алынган жалын Кыргызстанга Россия Элдик фронтунун өкүлдөрү — Олимпиада чемпиону Елена Вяльбе, Александр Гончаров жана Максим Ногин тарабынан алынып келинип, эскерүү иш-чараларынын алкагында өткөрүлдү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Оштогу Россиянын Илим жана маданият борборунун өкүлдөрү, ардагерлер, аксакалдар жана аскер кызматкерлери катышты.
Салтанат Аманова белгилегендей, бул иш-чара Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата уюштурулууда.
«Бул акция Россия Федерациясынын “Элдик фронт” тарабынан 3 жылдан бери уюштурулуп келет. Эки мамлекет ортосунда маанилүү кызматташуулар жүрүп жатат. Буга чейин Кыргызстанда согуш учурунда дайынсыз жоголгон ата-бабаларыбызды издөө үчүн жарандар Россиядагы электрондук тизмелерге кайрылышчу. Эми ошол тизменин бир бөлүгү Ош шаарына орнотулду. Бүгүн Ош облусунан кеткен ата-бабаларыбыздын тизмеси QR-код аркылуу жеткиликтүү болду. Каалоочулар келип, издеп таап алса болот», – деди Аманова.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
